Депутаттардын бири М. Жураев коррупционерлерди шариат жолу менен манжаларын кесип жазалоо жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирип, бул маселеге Ф. Куловдун ой-пикирин сурады. Ф. Кулов мындай сунушту колдобой турганын билдирди. Анын айтымында, коррупцияны алдын алуу системасы иштеш керек. «Бул багытта аракеттер бар, айрым өзгөрүүлөр бар, бирок ал элдин көзүнө көрүнбөй жатат», -деди Ф. Кулов. (KCh)