Депутат А. Бекназаров Бакиев-Кулов тандеминин тагдырына кызыгып, Куловдун иши тандемдин шарты-талабы боюнча жүрөбү же мыйзамдын талабына ылайык жүрөбү деп сурады. Кулов бул суроого жооп берип жатып, эң алды тандемдин кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын алдыга коюп иштеп келатканын, мамлекеттик түзүлүш, ХИПИК жана айрым башка маселелер боюнча президент экөөнүн көз караштары айырмаланарын, бирок мындан жалпы ишке зыян келбегенин, мамлекет башчы менен тил табышып иштешип келатканын белгиледи. (KCh)