Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

13:00 Дооронбек Садырбаев: Кулов жүргөн жердин баары - чыр-чатак, кылмыш иштери


Депутат Д. Садырбаев Ф. Куловду жүргөн жеринин баарында чыр-чатак,кылмыштар чыгат деп катуу сынга алды. «Кыргызстанда көрөңгө түгөнүп калгандай сүйлөйсүнөр, кошоматчылыктын да чеги болот да. Мен, мисалы Куловдун эрдигин, же болбосо жигердүү эмгегин билбеймин… Куловдун фамилиясы жүргөн жеринде баары чыр-чатак, кылмыш иштери болуп атат",-деди Дооронбек Садырбаев. Депутат Ф. Куловдун аты Россияга сатылган самолеттор, Кумтөр, Химсинтез, буйуртма өлтүрүүлөр менен байланышып келгенин санап өттү. Ал Ф. Кулов Акаевдин тушунда кылган экономикалык кылмыштары боюнча туура эмес акталган, аны А. Бекназаров баш прокурор болуп турганда калкалап койгон деп билдирди. Депутаттын айтымында, Кулов ошондой эле өкмөт башчы болуп турганда парламент чечимдерине баш ийбей, Жалалабат областында, Майлуусуу шаарында курчуган социалдык маселелерди чечпей создуктуруп, өз билгенин жасап, көп адамдарды кыйынчылыкка кептеди. (KCh)

XS
SM
MD
LG