Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

ТЕМИР САРИЕВ: КУЛОВ HIPC ҮЧҮН, ОШОН ҮЧҮН МЕН АНЫ КОЛДОБОЙМ


Депутат Темир Сариевдин парламентте Ф.Куловдун талапкерлигин талкууга алынгандагы сөзү:

- Урматтуу депутаттар, урматтуу кыргыз эли. Бүгүн парламентке өкмөттүн башчысына талапкер сунушталып, биз карап, талкууга алып отурабыз.

Биздин чечимден өкмөттүн башчысы ким болот, ал кандай саясат алып барат, жакынкы арада мамлекет кайсы жол менен өнүгүп-өсөт, бүгүнкү күндөгү учурдун талабына жооп беребизби же жооп бербейбизби деген суроо туулуп атат. Биз ошону чечишибиз керек.

Албетте, Конституция, мыйзам боюнча биз макулдук беребиз. Эгерде биз макулдук берсек, биз жоопкерчиликти өзүбүзгө алган болобуз, анда өкмөт менен чогуу иштеп, өкмөт сунуштаган программаны колдоп, аларды көзөмөлдөп, сындап турушубуз керек. Мен өзүмдүн сөзүмдү өкмөттүн программасы жөнүндө, андан кийин бүгүнкү күндө эң орчундуу болуп аткан HIPC программасы жөнүндө гана айткым келет. Акырында өзүм колдоймбу, колдобоймбу ошону айткым келет.

Мен мындай баштагым келет, кыргызда көп үй-бүлөлүү адамдар көп. Барын көрүп жүрөбүз айыл жергесин кыдырып. Бир чоң көп үй-бүлөлүү адамдын атасы аракеч болот. Күнүгө карыз алып арак ичет, балдарынын баары ачка, буттары жылаңайлак, курсагы ток эмес, бирөө окуса окуйт, окубаса окубайт, күндө эмне кылабыз деп балдары ыйлашат. Атасы акча алып күн сайын арак ичет. Бир күнү карызга берген адам келет, айтат, "айланайын боздогон балдарыңды көрүп турам, жок дегенде бир ай арак ичпей койчу, мен ошол карызды сенден кечем" деп. Тиги ойлонот. Экинчиси, балдары, туугандары чогулуп айтат, "ата бир ай ичпей койгон болбойт, сен токтотчу бардыгын, биз бардыгыбыз жапа тырмак иштеп, кызмат кылып, оокат таап, ушул карыздан кутулабыз, ошону менен токтотосуң, биз окуйбуз, чоңоёбуз, кийин сени багып алабыз" дейт. Атасы кайсы жол менен барыш керек, бир ай токтотуп коюш керекпи, же болбосо таза токтотуп, ошол балдары, туугандары айткан сөзүнө келиш керекпи? Мына Кыргызстан бүгүн ошондой эки салыштырма нерсенин аракеч адамдын акыбалында турат.

Өкмөт бизди эмнеге түртүп атат. Өкмөт айтат - бир жыл коё туралы "аракты токтотуп", кечирип койсун, андан кийин баягы ишибизди баштай беребиз дейт. Мен эмне үчүн ХИПИКке кирүүгө каршы экенимди жөнөкөй сөз, жөнөкөй мисал менен келтиргим келет. ХИПИКке кирүү деген эмне, кирсек эмне болот?

Албетте, бүгүнкү карызыбыз азаят, эртең төлөй турган карызды ички экономикага жумшаганга мүмкүнчүлүк алабыз. Бирок мунун арты эмне менен бүтөт. Мунун арты биз ХИПИК программасына киргенден кийин, макроэкономикалык саясатты өз алдынча жүргүзө албайбыз дегенге жатат, бул биринчи.

Экинчи, социалдык саясатты, тарифтик саясатты, пенсиялык саясатты өз алдыбызча жүргүзө албайбыз. Бизге койгон шарттардын барын аткарышыбыз керек. Эгерде ошол 9 шарттын бири аткарылбай калса бир жарым жылдын ичинде, анда биз бир жарым жылдан бери кылган иш аракетибиздин баары талаага кетет.

Экинчи коркунуч, эгерде алар бизге алып келген мыйзамдарын Жогорку Кеңеш элдин мүдөөсүнө каршы деп колдобой койсо, ал программа дагы аткарылбай калат. Аны биз жанагы 9 шартында көргөнбүз, азыр билбейм дагы канча шарттары кошулду.

Үчүнчүдөн, биз азыр ХИПИКке кирсек, карызыбыз жеңилдеди деп өкмөт бошоңдой түшөт. Жанагы аракеч адамдай болуп бир ай өтүп калды, арагымды иче берем дейт. Эгер биз ХИПИКке кирбесек, өзүбүз ички ресурстардын барын тең жыйнайбыз.

Мына, мен өткөндө мисал келтирдим эле Рыскулов деген Түптөн келген аксакал ооруканага атамды көрөйүн деп барып калсам, жети күн наркоздо жатып ойгонгондо мени көрүп "балам, ХИПИКке киребизби, же кирбейбизби?" деп сурап атат. "Айтып кой Бакиевге, Куловго, ХИПИКке кирбесин, мен пенсиямды берем" деп. Мектептин балдары айтып атат - "ар бирөөбүз 10 сомдон чогултуп берип туралы, атабыздан алган акчаны ошол жакка кошолу", деп. Студенттер чыгып атышат, "биз стипендия албайлы, бардыгын тең ошол жерге берели", деп.

Ал эми өкмөт болсо ички ресурстарды чогултуп, силкинип, коомдо болуп аткан жат нерселердин баарын, коррупцияны жоёлу, акчаны чогулталы да ошону төлөп берели деген иш аракети жок. Мына атайын ПРООНдун тапшырмасы менен иликтөө жүргүзүптүр, Кыргызстандын дүң пролдукциясынын 53 пайызы көмүскө экономикада дейт. Бул жарым бюджет. Ал эми бизге бир жылга канча керек болуп атат. Мына азыр премьер-министр айтты 1 млрд. 800 млн. сом керек болуп атат деп. Бул акчаны чогултсак болобу? Болот. Мына биз былтыр тапшырма бердик эле, анын үстүнө 1 млрд. 800 млн. республикалык бюджетке кошумча чогулттук деп айтып атышат. Тапсак болот экен да.

Мен ойлойм, эгерде чын эле биз бүгүнкү экономикалык реформалардын барын жүргүзүп, коррупция системасы бар мамлекеттик ишканалардын барын токтотуп, ошолордун акчасынын барын мамлекеттин бюджетине түшүрсөк, ошол эле Дүйнөлүк банк, ошол эле эларалык валюта фондусу бизге башка жолдорун сунуштайт. ХИПИКтен башка карызды азайтуу жолдору бар. Биз ошол жол менен кетишибиз керек. Экинчиден, бул бизге мүмкүнчүлүк берет. Анткени биз чыйралып, жыйылып, ички ресурстардын барын колдонуп, биз айтып келаткан, коомдо болуп аткан жат көрүнүштөрдөн кетебиз. Ошондо биз келечекке жакшы фундамент түзүп берип кетебиз. Ал эми бүгүн барып Валюта фондусунун жетеги менен барып ХИПИКке кирип койсок, эртеңки күнү коррупциялдык система кала берет. Биз айтып келаткан ишканалардын баары тең бүгүн кандай иштесе ошондой иштеп кете берет.

Мына энергетикада, "Манас" аэропортунда, "Кыргызтелекомдо", темир жолдо эмне болуп атат? Биз барын көрүп, билип турабыз да, канча акча кайда кетип атат, деп. Мен айтып коюшум керек, биз азыр Эл аралык валюта фондусунун үч жылдык программасында отурабыз. Эл аралык валюта фондусунун программасы 15 жылдык болуп быйыл сентябрда бүтөт. Алар барып 8 доноруна отчет бериши керек. Алар айтат 15 жыл Кыргызстанда иштедиңер эмне кылдыңар десе, алар айтат биз 2 млрд. карызга калтырып кеттик, экономикасынын 53 пайызы көмүскөдө жатат, эли жакыр, 80 пайызы минималдык корзинадан ылдый алат, пенсиялары аз деп айткандан уялышат.

Алар айтып атат, бүгүн сүйлөштүрүп, ошол программа бүткөнгө чейин ал жакка барып отчётубузду берип алалы, мына биз ушундай программа кылдык, ушуну кечип берип койсоңор Кыргызстан өнүгүп кетет деп. Андай болбойт. Анткени биз эң негизгисин аракеч адамдын сөзүн алган жокпуз. Биз өзүбүздүн силкинип, өзүбүздү сын көз караш менен карап, эмне кылышыбызды билбей турганбыз.

Мен эмне үчүн бүгүн Феликс Шаршенбаевичти колдой албайм, мен жалаң ушул позициясы боюнча колдой албайм. Ошон үчүн мен бүгүн ага каршы добуш каршы берем. Ырахмат.

XS
SM
MD
LG