Ленин райондук соту бул ишти 20-декабрда карап баштап, бирок ар кандай себептер менен төрт жолу артка жылдырган. Укук коргоочуга ХИПКке каршы нааразылык акциялары учурунда коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылган деген айып коюлууда. Азиза Абдрасулова муну саясий куугунтук катары баалоодо.(SM)