Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

ЭСТОНИЯ СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИКТЕРИН КӨЧҮРМӨКЧҮ


Эстониядагы советтик аскерлердин мүрзөлөрү менен эстеликтерин көчүрүү тууралуу жаңы мыйзам Таллин менен Москванын мамилелерине от тамызды. Бул мыйзамда көрсөтүлгөндөй, Таллиндин так ортосундагы советтик жоокердин эстелигинен тарта Эстониядагы бардыгы 250дөй жай башка жакка көчүрүлсө, бул иш Евробиримдик менен Москванын алакаларына да залака келтириши мүмкүн.

Эстонияда кабыл алынган жаңы мыйзам ишке ашса, эң ириде Таллиндин борборундагы Советтик солдаттын чоң коло эстелиги башка жакка жылдырылат. Ал айкелдин алдында: “Экинчи дүйнөлүк согушта Эстонияны фашисттерден бошоткон Кызыл армиянын эрдигин эл эстей жүрсүн” деген сөздөр жазылган.

Москваны баарынан да Эстониянын борбордук мүрзөсүндө түбөлүк жай тапкан 13 советтик жоокерди башка жакка алып барып көмүү планы катуу кыжырдантты. Эстониянын президенти Томас Хендрик Илвес кол коюп, 20-январдан тарта күчүнө кире турган мыйзамды Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кескин түрдө айыптады.

- Биздин оюбузча, бул кудайга жакпай турган иш. Мунун артында өткөндөн сабак алуу, бирдиктүү, бөлүнбөгөн Европа куруу ниетине карама-каршы кандайдыр башка себептер турганы анык.

Сергей Лавров Эстония өкмөтүн бул мыйзамды кайра карап чыгууга үндөп, адамгерчилик сезими баарын жеңет деген ишеничин айтты.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы шейшембиде Эстониядагы бул мыйзамды терең айыптаган токтом кабыл алып, Таллиндин бул аракетин фашисттерди баатырга айлантуу ниети катары баалап, бул мыйзам жүзөгө ашырылса, президент Путинге эки өлкө ортосундагы мамилелерди кайра караштырууга чакырды.

Советтер Союзу экинчи дүйнөлүк согуш маалында Эстонияга басып киргенде, ага каршы нацисттер тарапта Эстониянын легиону да күрөшкөн. Таллиндик журналист Кадри Лилик бул окуялар тууралуу Москва менен Таллин эки башка көз карашта экенин айтат.

- Советтик солдаттын эстелиги 1940-жылдын аягында, өзүлөрү айткандай, Таллиндин бошотулушуна арналып тургузулган. Андан кийин 1944-жылдын күзүндө советтик аскерлер Эстонияга басып кирген. Муну да бошотуу дешет. Эстониялыктар бул окуяларды башкача кабыл алат.

Кадри Лилик чыныгы бошотуучулар өлкөнү бошоткон соң чыгып кетет, баскынчылар калып калат, советтик бошотуучулар Советтер Союзу 1991-жылы кулаганга дейре Эстонияда болушту деген аргументин айтат. Таллиндик журналист андан сырткары советтештирүү жылдары миңдеген эстондор Москванын буйругу менен Сибирге айдалганын эске салат. Эстония калкынын 25%ынан көбүрөөгү - орустар. Алар жыл сайын 9-майда Таллиндин борборундагы советтик жоокердин эстелиги алдында чогулуп, гүл коюп, митинг өткөрүшөт. Былтыр аларга эстон улутчулдары каршы чыгып, кармаша кеткен эки тарапты полиция араң ажыраткан. Азырынча эстон коомчулугунда далай чыр жарата турган советтик эстеликтер качан көчүрүлөөрү белгисиз.

Баса, советтик жоокерлердин эрдигинин урматына орнотулган чоң эстелик Германияын борбору Берлинде жана Европанын башка шаарларында да бар, алар азырынча эч кимдин тынчын ала элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG