Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

КАРЖЫ МИНИСТРИНИН МЕЙМАНКАНАСЫ КАЧАН БҮТӨТ?


«Жаңы ордо» гезити Каржы министринин милдетин аткарып жаткан Акылбек Жапаровдун Бишкекке беш кабат мейманкана куруп, «Руссбанк» деген банк ачканы жатканын, ХИПИКке элди үгүттөп жүрүп, эгер ушуга кирсек Орусия 189 миллион доллар карызын кечкени жатат деп беш өрдөгүн учуруп жибергенин, кезинде депутат болом деп аксакалдын сакалы менен ойногонун жазуу менен, а көрөкчө Турдакун Усубалиевдин Дүйнөлүк банк менен Эларалык валюта фондуна жазып аткан катын окуп койуусун өтүнгөн.

Ушул эле гезит Ырысбек Өмүрзаков деген автордун «Реформа үчүн» кыймылынын координатору Өмүрбек Абдракманов тууралуу «Криминальный мебельшик» деген макала жарыялады.

«Жаңы кылым» гезитине курган маегинде КР адилет министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов мырза, азыркы күндө бийлик болобу, оппозиция болобу, үч нерсени, биринчиден, кыргыз улутунун биримдиги менен ынтымагын, экинчиден мамлекеттин коопсуздугун, үчүнчүдөн туруктуулукту сактоону ыйык тутуу зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле ал, кээ бирде күч органдары жаздым басып алып, оппозициянын эле эмес, коомчулуктун сынына кабылып жатканын, кандай гана иш болбосун таза жана так жасалышын эске салган.

Гезит жүрөк үшүткөн дагы бир маселе жөнүндө сөз кылган. Кыргызстандын Түштүгүндөгү чегара айылдарынын тургундары канча жылдан бери көчүп кетип баратып, үйлөрүн коңшу жашаган өзбектер менен тажиктерге сатып жиберип жаткан фактылар арбын, бирок буга губернатордон тартып айыл өкмөттөрүнө чейин кабагым-кашым деген жан жок. Эгер мындай «көч» токтобой, улана бере турган болсо, балким саналуу жылдардан кийин, балким И.Каримов бийликтен кеткенден кийин түштүк жалаң өзбек туугандардын ээлигине өтүп кетүү коркунучун туудурары турган иш, дейт гезит.

Атаганат, кезинде Ай-Күнгө чагылып, жаркылдап турган, жалтылдап турган дат баспас темирди да дат басат экен. Бизде мындай сейрек кездешчү металлдан экөө бар эле. Бири-«темир генерал» Кулов болсо, бири - «темир айым» Баекова. Мурдагы күнү Акаевдин Кониституциясын кайра-кайра жамаачылап, кечээ күнү ал качып кетсе кууп жиберген адамга ыйгарым укук ыйгарып, бүгүн ошол куугунчуну кетсин дегендердин учредителдик жыйынын мыйзамдуу дегендей түр көрсөтүп, эртең анын күүсү менен кабыл алынган Башмыйзамга кол чаап, анын эртеси ага каршы болгондордун Кониституциясын жактап олтурган КР Кониституциялык Сот төрайымы Чолпон Баекованы кантип «темир айым» деп атоого болсун, деп какшыктады «Кыргыз руху» гезити.

«МСН» гезити Кыргызстанда да Украинанын варианты кайталанып жаткандыгын, бирок Кыргызстан Украина эместигин, оппозиция тарап Куловдун ордуна өз кишилеринин болушун каалап туса дагы Кулов-Бакиев тандеминин кармашкан колу бекемдигин белгилеп, Акүй-Көкүй антип саясаттан башы чыкпай жаткан эки ортодо казына каражаты карала электигин, ХИПИК деген эмеси тумшугун салаңдатып сыртта турганын жазды.

«Агым» гезити, белгилүү мамлекеттик ишмер Т.Усубалиевдин Эларалык валюта кору менен Бүткүлдүйнөлүк банкка жолдогон катынын уландысын жарыялоо менен көзү ачыктардын айткан-дегендерине атайылап бир бетин арнады. Көзү ачык Бурулсун Төлөмүш кызы, азырынча көргөн-неткендерин ачык айталбастыгын, ага да жан керектигин… бирок, Ысык-Көлдөй чайпалбаган бирөө келерин айткан.

«Бишкек таймс» гезити гезиттин башкы редактору Нуралы Капаровдун мамлекеттик ишке өткөндүгүнө байланыштуу гезиттен кеткендигин, анын ордуна башкы редактор Марип Тайчабаров болуп иштей баштаганын кабарлады.

«Кыргыз туусу» гезити тышкы миграциянын көйгөйлүү маселелерин кеп кылып бериңиз, деп КР миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитеттин орунбасар төрагасы Досмир Узбеков мырзага сөз берген экен, ошол жарыяланды.
XS
SM
MD
LG