Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

ЕВРОШАРКЕТТИН БОРБОР АЗИЯГА КАРАТА СТРАТЕГИЯСЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Ар жарым жыл сайын Еврошаркетте төрагалык кылчу өлкө орун алмашып турат. Быйыл 1-январдан тартып уюмда Германия төрагалык кылат. Төрагалык орунду ээлеген өлкө башка мамлекеттер менен, эл аралык уюмдар менен тышкы карым катнашта Евробиримдиктин атынан чыккандыктан, саясатты жүргүзүүдө өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошондуктан ар бир төрага - өлкө өзүнүн приоритеттүү максаттарын белгилеп, атайын программа иштеп чыгат. Германия төрагалык кылган Еврошаркеттин Борбор Азияга карата жаңы стратегиясы даяр боло элек болгону менен, анда региондогу коопсуздук маселеси маанилүүлөрдүн бири экени айтылууда.

2007-жылдын башынан тартып төрагалык орунду ээлеген Германия экономиканын өнүгүшүнө жана жумушчу орундарды көбөйтүү маселесине, айлана чөйрөнү коргоого багытталган чараларга өзгөчө көңүл бурат. Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуулуктуу сактоо маселеси – Германиянын Азия өлкөлөрүнө карата жаңы стратегиясынын көңүл чордонунда турат.

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Гревлих Борбор Азияга карата жаңы стратегия азырынча аягына чейин иштелип чыга электигин айтып, бирок региондогу коопсуздук маселесине биринчи ирээт көңүл бурулаарын белгиледи. Анткени, Борбор Азиядагы абал Европанын туруктуулугуна жана коопсуздугуна түздөн түз таасирин тийгизет:

“Борбор Азия кооптуу делинген Ооганстан, Пакистан жана Иран сыяктуу өлкөлөр менен коңшу болгондуктан, Европа Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылууга кызыкдар. Еврошаркеттин жана Германиянын энергетикалык коопсуздугунда Борбор Азия өлкөлөрү маанилүү орунга ээ. Кыргызстан суу жана электр кубат ресурстарына бай, ошондуктан ал дал ушул эки нерсеге басым жасаш керек. Суу жана электр кубатты пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү стратегия иштелип чыгышы керек. Суу жана кубат менен Кыргызстан өзүнүн жарандарынын жашоо деңгээлин көтөрө алат. Бул мындайча айтканда Кыргызстандын “Маршалдын планы” болушу керек”,-дейт Клаус Гревлих.

Элчинин белгилешинче, мындай аракеттерди ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга өнөктөш керек. Ал эми Еврошаркет Кыргызстан үчүн ушундай кызматташ болот алат.

Евробиримдиктин институту болгон Европа комиссиясы жыл сайын Кыргызстанга 25 миллион евро суммадагы жардам көрсөтүп турат. Евробиримдикте төрагалык иштеринде Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Карина Скаребинин айтымында,
эгерде Кыргызстан Еврошаркет койгон талапатарды өз учурунда аткарса уюм республикалык бюджетти түздөн түз колдоп туруудан баш тартпайт.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов суу жана электр кубатын пайдалануу боюнча талаптар Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбесе, мамлекет кызматташууга барбастыгын эскертти:

“Евробиримдик чоң каражатты, албетте, жөн эле эч качан бербейт. Кээ бир тармактарда реформаларды жүргүзгүлө деген талаптарын коюшат. Эгерде Кыргызстандын кен байлыгына же электр эенергия ресурстарына байланыштуу талаптар болсо, анда аны өтө кылдаттык мамиле менен караш керек. Эгерде уюмдун же Германиянын кандайдыр бир сунуштары болсо, депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек. Уюм Кыргызстанга пайда алып келе турган сунуш менен чыкса, биз аны караштырууга даярбыз. Бирок алардын сунуштары биздин мамлекетибиздин кызыкчылыгына каршы келсе, эч кандай кызматташтык болбойт”.

Айрым эксперттердин айтуусунда, Еврошаркет тышкы саясатта Борбор Азия өлкөлөрүн активдүү оюнчу катары кабыл албаса дагы, Борбор Азия мамлекеттеринин стратегиялык маани-маңызын Европада түшүнө башташты.

XS
SM
MD
LG