Анда Израиль-Палестин чатагын жөнгө салуу маселеси жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланмакчы. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Британ премьер-министри Тони Блэр менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Иванов Кондолиза Райстын чакыруусун кабыл алды. Төртүлүккө АКШ жана Орусиядан тышкары БУУ жана Евробиримдик кирет.