Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

БИЙЛИК ЖАНА БИР ЫР


Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун пленуму чакырылып, анда Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов ноябрь окуяларынын учурунда Президент Бакиев менен премьер-министр Куловго сынчыл мүнөздөгү ыр жазгандыгы үчүн төрагалык кызмат ордунан кетиш керекпи же калыш керекпи деген маселе талкууланды.

Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Анатай Өмүрканов өткөн жылдын ноябрындагы митинг учурунда Президент Бакиев менен Премьер-министр Куловго багыштап сынчыл мүнөздөгү ыр жазган жана ал ыр ошол күндөрү “Алас” гезитине жарыяланган. Ыр жарыялангандан кийин курамына негизинен аксакал жазуучулар кирген Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун президиуму Анатай Өмүрканов саясий ката кетирди, төрагалык кызмат ордуна татыксыз деген маселени эки жолу талкуулаган жана анын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Анатай Өмүрканов бул маселени Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун пленумунуна, демек, жалпы жазуучулардын кароосуна алып чыгуу керек экендигин, ошолор кет десе кызматынан чегинерин билдирген жана ошол негизден ушул пленум уюштурулуптур.

Пленумда жазуучулар Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге Анатай Өмүркановдун ыры гезитке чыккандан кийин же Президент Бакиев, же Премьер министр Кулов кандайдыр бир көрсөтмө берди беле кыязында суроо беришти. Чолпонбек Абыкеев алар тарабынан эч кандай сөз айтылбагандыгын жооп кылды. Анатай Өмүркановду ошол ырга шылтоолоп Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагалык кызматынан кетирүү айрым жазуучулардын өз кызыкчылыктарынан улам болгон деген пикирлер бир катар жазуучулар тарабынан айтылды. Жазуучулар союзунун президиуму да сынга алынды.

- Бул кайсы бир калемдештерибиздин бийликке кошомат кылуу ниетинен пайда болгон маселе экендиги көрүнүп турат. Биз өзүбүздү жазуучулар муну менен өтө жаманатты кылып атабыз. Эгер азыр Өмүркановду төрагалыктан кетирсек – ошолордун кысымы астында болду бул иш деп Бакиев менен Куловду да жаманатты кылабыз,-деди Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев.

Ошол ыры үчүн Анатай Өмүрканов Президенттен кечирим сурап койсун деген пикирлер да болбой койгон жок. Жазуучу Сейит Жетимишев "кечирим сурасын да, ишин уланта берсин" десе, "эмнеге кечирим сураш керек экен," деп кыйкырып чыкты акын Алик Акималиев.

Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов Анатай Өмүркановду төрагалыктан кетирбесе жазуучулар союзуна бийлик тарабынан колдоо болбойт деген оюн ортого салды:

- Жок, жакшылап ойлонбосок болбойт. Анатай Өмүркановду иштей берсин дегенибиз менен, анын колу менен барган сураныч-каттар жоопсуз калат. Анда баары бир биз Президент тарабынан да, өкмөт тарабынан да жардам ала албай калабыз.Көрөсүңөр. акча да бербейт, имарат-жай да бербейт.

Пленумдун жүрүшүндө кез-кези менен кеп жебес талаш-тартыштар пайда болуп жатты. Жазуучу Казат Акматов жазуучулар союзуна бюджеттен берилип жаткан анча-мынча акча Президенттики эмес экендигин, элдики экендигин, аны колко кылуу жарабастыгын, бийликтин күчүнө салып жазуучулардын башын ийдирген, чөгөлөткөн заман өтүп кеткендигин эскертип өттү.

Ал эми өз баяндамасында Анатай Өмүрканов Кыргызстан улуттук жазуучулар союзун имарат менен камсыз кылуу боюнча Президент Бакиев эки жолу убада кылгандыгын, бирок алигиче аткарыла электигин, адабиятты колдоо боюнча мыйзамга да Президент Бакиев вето койгондугун, бирок ал жакын арада кайра караларын баяндап келип, төрага катары ага Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун катчылары менен иштешүү абдан оор болуп жаткандыгын ортого салды. Иш убагында арак ичип кеткендерди, чыгармачылык деңгээлдеринин төмөндүгүн, демек, аларды жазуучулар тоготпостугун ачык айтып, жазуучулар союзунун төрагасы өзү каалаган катчылар, демек, өз командасы менен келиши жана кызматтан бирге кетиши заманбап иш болорун сунуштады.

Жазуучулардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен азыркы төраганын кызматтан кетүүсү жөнүндөгү маселе каралганы жок. Пленум чечими менен февраль айында Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун курултайы чакырылмак болду. Анда улуттук жазуучулар союзунун структурасы, уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү сыяктуу орчун маселелер каралмакчы.
XS
SM
MD
LG