Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

КЫРГЫЗСТАНДА КЫШКЫ СПОРТТУН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Акан Иманов, Бишкек Спорттун кышкы түрлөрү боюнча кыргыз спортчулары ийгилик жарата алабы? Жакында Кытай жергесинде өтчү кышкы Азия оюндарына даярдыгы барбы? Дегеле, бүгүнкү күндө Кыргызстанда кышкы спорт кандай абалда, бул маселени кабарчыбыз иликтеп чыкты.

Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрү боюнча азырынча чоң ийгиликтер жарала элек. Буга чейинки кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын Орусия же Казакстандын спортчулары коргоп келишкен жана алар чоң көрсөткүчтөргө ээ боло алышкан эмес.

Кыргызстандык атуулдардын ичинен биринчилерден болуп Иван Борисов Туринде өткөн кышкы оюндарга катышып келген. Эми ал спортчунун жолун улагысы келген кыргыз спортчулары бүгүнкү күндө кышкы Азия оюндарына даярдык көрүшүүдө.

28-январдан 4-февралга чейин Кытайдын Чань-Чунь шаарында спорттун 8 түрү боюнча өтө турган оюндарга Кыргызстандын алты спортчусу, үч машыктыруучусу жана спорт жетекчилери барган жатышат. Алар Азия кышкы оюндарында спорттун үч түрү боюнча күч сынашышат.

-Тилекке каршы, кышкы спорт түрлөрү союздун тарап кетиши менен жакшы жолго коюлбай, жок болуп кеткен. Кубанаарлык жагы сноуборд, тоо лыжасы жана Чаектеги хоккей оюну акырындан өнүгүп жатат. Ал эми башка спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн убакыт керек. Мурун көп эле спорт базаларыбыз бар болчу, азыр абдан аз болуп кетти. Норузду билесиңер, ал эми «Эдельвейске» элдер бара албай жатат. Ал эми жөнөкөй элдер эс алуу үчүн Кой-Таш, Чоң-Ташта барышып, чана, лыжа тээп кетишсе болот, -деди Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов Алмаз Касенов.

Жылдын башталышында кышкы спорттун сноуборд түрү боюнча спортчусу Андрей Вакурин Красноярскийде өткөн турнирде биринчи ирээт өлкөнүн куржунуна 65 упай алып келди. Бул эл аралык кышкы спорт федерациясы-нын алдында Кыргызстандын абройунун көтөрүлүшүнө түрткү болмокчу.

Ал эми тээ 80-жылдары Миң-Куш шаарчасында башталган хоккей турнири союздун кулашы менен токтоп, мелдештер өткөрүлбөй калган. 1999-жылы ишмер Эркинбек Матыев башында турган топ, Чаек айылында хоккей чемпионатын өткөрүшкөн. Ошол жылдан бери салт катары таймаштар өткөрүлүп келет. Быйыл февраль айында Кыргызстандын сегизинчи чемпионаты болуп өтмөкчү.

- Жашырганда эмне, Кыргызстан кышкы спорт боюнча ийгиликке эмес, расмий түрдө кыргыз спортчулары кышкы олимпиадаларга дагы катышкан эмес. Туринде өткөн олимпиадага биринчи болуп Иван Борисов катышып келди. Ага чейинки олимпиадаларда болсо Орусиянын спортчулары, өлкөбүздүн наамын коргоп келген. Тилекке каршы, өтө начар деңгээлде. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тоолор бар, карыбыз бар. Ошого жараша биздин Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги кышкы оюндарга да көңүл буруп жатат. Спортчуларды колдоп, кышкы спортту өнүктүрөлү деген максатыбыз бар,-деди Улуттук Олимпиада комитетинин генералдык катчысы Канат Аманкулов.

Союз маалында чоң заводдордун бирден лыжа базалары болсо азыркы маалда алардын саналуусу эле калган. «Оруусай», «Норуз» сыяктуу базаларга кирүү акысы өзүнчө, андан тышкары лыжа ижарасы 500 сом болсо, сноуборд үчүн 700 сом төлөйсүң. Ал эми «Эдельвейс» базасына жетүү кыйын. Караколдогу лыжа базасы болсо менчиктештирилип кеткен, тоолуу Нарындагы лыжа базасы жакшы каралбай турат.

Сүрөттө: "Тогуз Булак" лыжа базасы
XS
SM
MD
LG