Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

11:30 Ө.Текебаевдин пикиринде президент парламентке өкмөт башчысына талапкерди бир нече жолу көрсөтөт


Конституцияда 2010-жылга чейин өткөөл мезгилде өкмөттү дайындоо тартиби так көрсөтүлгөн. Президент кааласа премьер-министрдин талапкерлигин парламентке он жолу киргизет. Үч деген чектөө жок. Үч жолу жактырбай койсо парламентти таратып жиберет деген сөз жалган. Элдин кызыкчылыгы үчүн , купулга толгон өкмөттүн программасын укмайынча өкмөттү жыгылта бергенге укугубуз бар, деди депутат Өмүрбек Текебаев. Ал тиешелүү комитетке өкмөт башчысын дайындоо тууралуу мыйзам боюнча коомчулукка так маалымат берүүсүн спикерден өтүндү. Төрага Марат Султанов да Конституциянын жаңы редакциясына ылайык өткөөл мезгилде президент талапкерди сунуштап, парламент макулдугун берерин, “үч жолу макулдугун бербеген норма 2010-жылдан баштап иштейт”, деп так жазылганын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG