Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

15:22 Ысыката районунун салык инспекциясынын начальниги пара алып жаткан жеринен кармалды


КР ИИМдин кызматтык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысыката районунун салык инспекциясынын жетекчиси Осмон Турдумамбетовду төрт миң сом пара алып жаткан жеринен кармашты. Ал өзүнүн кабинетинде ишкер аял М. Молдакуновадан анын ишкерлигин калкалагандыгы үчүн акча алып жаткан жеринен колго түштү. Бул факты боюнча Кылмыш Кодексинин 313 беренеси боюнча (пара алуу жана кысмакка алып акча талап кылуу) кылмыш иши козголду. Бул маалымат ИИМдин басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG