Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

17:30 Жалалабадда Хизб-ут Тахрир партиясынын бир мүчөсү кармалды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук ички иштер Башкармасынын өкүлдөрү «Исламды боштондукка чыгаруу үчүн» деген жашыруун уюмдун 36 жаштагы А.Т. аттуу мүчөсүн колго түшүрүштү. Тинтүү маалында анын үйүнөн өлкөдө катталбаган уюмга тиешелүү бир китеп, өзбек тилинде эки жана аттары жок үч китеп табылган. Кайсы уюмга тиешелүү экенин аныктоо үчүн адабияттар казыятка тапшырылды. Өткөн аптада белгисиз 12 адабият менен Шамалдуусай шаарчасынан бир киши кармалган. Мындай маалымат 19-январда Башкармалыктан алынды. Коомчулуктун пикири боюнча ислам динин үйрөнмөк болгон жаштар партияга адашып кирип калууда. Өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирээр уюмдун таасиринен коомчулукту улуттук идеологияны калыптандырып, экономикалык абалды чыңдоо аркылуу куткаруу мүмкүн, дешет эксперттер.(YA)

XS
SM
MD
LG