Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: «КУЛОВ ӨТПӨСҮН ЭРТЕҢ МЕНЕН ЭЛЕ БИЛГЕМ»


Маектешкен Чолпон Орозобекова, Бишкек ЖК депутаты Азимбек Бекназаров Куловдун премьер-министр кызматына талапкерлиги парламентте талкууланып атканда эле анын өтпөй турганын айтып, талапкерлигин алып салууну сунуштаган болчу. Бекназаровдун айтымында Куловдун өтпөй калышы президенттин каалосуна жараша болгон иш.

- Азимбек мырза, сессия учурунда эле Куловду өтпөйсүз деп аттыңыз, эрте эле кантип сезип калдыңыз?

- Биринчиден, өкмөттүн ишин тартып кете алган жок. Болгону ХИПКке киребиз деп эле көшөрүп атат. Киребиз дегенден башка эчтеке айта алган жок. Азыр болсо Кыргызстандын бүтүндөй эли ХИПКке каршы. Ага карабай эле андан башка жолубуз жок деп атат, демек колумдан эчтеке келбейт деген сөз да. Экинчиден, Куловду президент өзү алып келген жок. Райондун бир сотун деле Алымбай Султанов сунуштачу. Ушундан улам мен эртең менен эле Кулов өтпөсүн түшүндүм.

- Эгер президент өткөргүсү келсе, анда парламент президенттин колунда деп атышты эле айрым байкоочулар. Демек, президент Куловдун өтүшүн анча каалаган жокпу?

- Демек, ошондой экен. Азыр президент кандай маселе болбосун, кааласа парламенттен өткөрүп алат. Каалабаса ушундай болуп калат.

- Эмне президент эми кайра Куловду көрсөтө албайбы?

- Өкмөт тууралуу конституциялык мыйзам бар. Анан регламент боюнча да башка талапкерди көрсөтөт. Балким, эртең Куловду башка талапкердин катарында алып келиши да ыктымал.

-Эми Куловдун саясий тагдыры кандай болот?

-Балким элчиликтерге кетет. Балким, Бишкек шаарына мэр болот, ким билет. Бирок эң башкысы бул киши 2010- жылкы президенттик шайлоого катуу даярданат го.

- Куловдун сүйлөгөн сөзүнө караганда бул киши өтөм деп ишенип турду окшойт.

- Президентке ишенип турду да, менимче аягына чейин президентке ишенип турду.

(Маек 18-январда жазылып алынган)

XS
SM
MD
LG