Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

15-АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА БАЙГЕ АЛГАНДАРДЫ ПРЕЗИДЕНТ СЫЙЛАДЫ


19-январда өлкө президенти Курманбек Бакиев убадасын аткарып, Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында байге алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды жана төрт жеңүүчүгө бир бөлмөлүү үйдүн ачкычтарын тапшырды.

Президент Курманбек Бакиев Доха шаарында өткөн XV Азия оюндарынын күмүш медалдын ээлери велоспортчу Евгений Ваккерге жана жеңил атлетчи Татьяна Ефименкого 10 миң доллар жана бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды. Дохада грек-рим күрөшүнөн коло медаль уткан балбандар Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, Жанарбек Кенжеев жана эркин күрөштөн Яна Панова президенттин колунан 5 миң доллардан сыйлык алышты.

Калыстардын айынан баш байгеге илинбей калган балбандар Данияр Көбөнов менен Алексей Крупняковго да батирдин ачкычы ыйгарылды.

Президенттин айтымында, мындай чечим ушул спортчуларга калыстар адилетсиз мамиле кылгандыктан кабыл алынган.

Грек-рим жана эркин күрөшү боюнча машыктыруучулар эки жарым миң доллардан, велоспорт боюнча башкы машыктыруучу Эркин Акрамов беш миң доллар сыйлык алышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Азия оюндарында таанытып, мөрөй алган спортчуларды жетишкендиктери менен куттуктады жана мелдештерде көрсөткөн патриоттулугу үчүн ыраазылык билдирди.

Өлкө башчысы мамлекет спортко абдан көңүл буруп жаткандыгын жана ал жыл өткөн сайын дагы көбүрөөк каражат бериле тургандыгын белгиледи. Ал Кыргызстандын спортчулары менен машыктыруучулары 2008- жылы Пекинде өтчү олимпиадада жогорку жетишкендиктер үчүн бардык күч-аракетин жумшарына үмүттөнгөндүгүн айтты.

Грек - рим боюнча улук машыктыруучу Эмил Алыкулов спортчулардын атынан президентке ыраазылык билдирип жана Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга аракет кылышаарын билдирди.

Бишкектен жаңы батирлүү болгон Азия чемпиону, 14-Азия оюндарынын күмүш байге уткан, 15-Азия оюндарынын коло медалын тагынган Данияр Көбөнов алдыдагы максаттары тууралуу айтып, “ 2008- жылкы Пекин олимпиадасында Кыргызстанды таанып, мөөрөй алсам” дейт.

Азия оюндарында төрт жолу марага озуп келип байгелүү орунду ээлеген велоспортчу Евгений Ваккер Дохадагы оюндар эсте калаарлык маанайда өткөнүн, ачылыш жана жабылыш аземдери таасирлүү болгонун белгиледи.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG