Кечээ үрөйдү учурган шамал мен бараткан трамвайды аңтарып ийчүдөй гүүлдөп турду. Тротуарларда сынып жаткан айнек жарнамаларды көрүп, чатырларды алып түшүрчүдөй болгон бороондон ар ким аманында үйүнө шашылды окшойт. Бүгүн эми, Европада "Кирил" деп атаган бул алааматтан 29 адам каза тапканы маалым болду. Алардын көбүн дарактар, эшик же дубал басып калган.
Польшада куткаруучулар бүгвн тынымсыз иштеп, жараат алгандарга жардам көрсөтүп, таштандыларды чыгарып жатышат.
– Баарына жетише албай кыйналдык, ушунча көп кырсык болду. Бүт командабыз менен жүрдүк, дагы жакшы, волонтерлер келип жардам беришти,-дейт Бартош Деберни Гивице шаарындагы өрт өчүрүүчү.
Британиядан Чех жумуриятына чейинки аралыкта жол тармагы да үзгүлтүккө учурады, поезддер токтоп, учактар кондурулуп, жүздөгөн жолдор жабылып калды. Германия менен Голландияда темир жолдор дээрлик толугу менен жабылды. Франкфурт аба бекетинде учактардын жарымы учпай калды. Франция менен Англиянын ортосундагы Ламанш кысыгында жүк ташыган кеме чөгө баштаганда, тикучма жиберилип, 26 моряк куткарылды.
Берлинде шамалдар жаңы курулуп жаткан борбордук темир жол бекетинин дубалын тиреп турган бир нече тонна келген темир тирөөч кулап түшүп, бир нече жеңил машинаны басып калды.
Германиянын федералдык полициясынын маалымат катчысы Штефани Күүндүн сөзү боюнча, борбордук темир жол бекетинин түштүк-батышында темир тосмо фасаддан ажырап, кулап түштү, дагы эки жерде тосмо бузулду. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун кепилдөө үчүн Федералдык полиция бекетти жаап, жүргүнчүлөрдү эвакуациялады. Эвакуациялангандар бекеттин жанындагы жашырынуучу жайга чогултулуп, тамак-аш, уктаганга төшөнчү менен камсыздалды. Чех жумуриятында 1 миллиондон ашык үй электр жарыгысыз калды.
Анын аралыгында, бороондуу шамал бир аз басаңдап, Венгрия менен Австрияны көздөй жылды, бирок күчү кайтып калган экен, Украина менен Орусияга жеткенче дагы күчтөн кайтат деп кабарланууда.