Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

19:45 Укук коргоочу Азиза Абдрасулова сотто акталды


Бүгүн Бишкек шаардык Ленин райондук соту укук коргоочу Азиза Абдрасуловага карата козголгон кылмыш ишин карап чыгып, жетиштүү далилдердин болбогондугунан улам аны күнөөсүз деп тапты. Судья Саатов Таалайбектин чыгарган бүтүмү боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш иши далилденбегендиктен, арыз берген тарап он күн ичинде жогорку инстанцияларга кайрылганга акылуу. Бирок, аты аталган бөлүмдүн жетекчисинин орун басары подполковник Мехман Алиевдин ырасташынча, Абдрасуловага карата мындай арыз жолдонбойт. Укук коргоочуга HIPCке каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан маалда коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылган деген айып тагылган эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG