Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

ПЕНТАГОН ТУТКУНДАРДЫ СОТТООНУН ЖАҢЫ ЭРЕЖЕЛЕРИН СУНУШ КЫЛДЫ


Пентагон Гуантанамодогу туткундарды соттоонун жаңы эрежелерин караган документ даярдап, конгресске жөнөттү. Жаңы колдонмо террорист деп шектендирген туткундарга каршы кысым-кысмак менен алынган көрсөтмөлөрдү, атүгүл аңырт маалыматтарды пайдаланганга прокурорлорго укук берет.

Пентагон даярдаган жаңы эрежелерге ылайык, прокурорлор сот учурунда аңырт маалыматтарды, кысмактоо аркылуу алынган көрсөтмөлөрдү аскери туткундарга каршы пайдалана алышат. Бирок алардын баары айыпкердин күнөөсүн далилдеген танык боло алабы-жокпу,муну судья чечет. Эгер маалыматтар олуттуу жана омоктуу болсо, аларды пайдаланганга жол берилиши мүмкүн. Мындан тышкары прокурорлор айыпкерлерге каршы жашыруун маалыматтарды да пайдаланышы мүмкүн.

Жаңы эрежелерди тааныштырып жатып, Пентагондун укук иштери боюнча кеңешчиси генерал Томас Хемингуэй колдонмого коомуту толгонун билдирди. Ал эми эл аралык укук коргоочу айрым уюмдар жаңы инструкцияны сынга алышты. Эл аралык мунапыс уюмунун бөлүм башчысы Жумана Муса “Лос-Анжелес таймстагы” интервьюсунда “кысмактоо жолу менен алынган көрсөтмөлөрдү пайдалангысы келгендер кыйноо ыкмаларын легалдаштыра” турганын белгиледи.

Былтыр күздө конгресс аскери комиссиялар тууралуу мыйзам кабыл алып, бирок аны АКШнын Жогорку соту жаратпай салган эле. Жаңы колдонмо, Пентагондун сунушуна ылайык, жыдып калган ошо мыйзамдын ордуна жүрүшү керек. Документ менен азыр конгрессте аскери юристтер таанышып, талдап-таразалап жатышат.

Генерал Хемингуэй аскери сот иштери адилет болоруна ишендирди. Гуантанамодогу базада жаткан 400дөй туткундун сексенге жакыны ушул эрежелердин негизинде сот жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Аскери адвокаттар болсо жаңы эрежелер деле туткундарды сот процессинде толук кемелде коргогонго мүмкүндүк бербейт дешет.

XS
SM
MD
LG