Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:41

11:20 Азиза Абдрасулова: «Мага Дүйнөлүк банк кысым көрсөткөнгө аракет кылды»


Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын ырасташынча анын Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан айыпталышына Дүйнөлүк банктын катышы болгон. «Биз Бишкектеги Дүйнөлүк банкытын өкүлчүлүгүнүн алдында HIPCке каршы акция өткөрүп жатканыбызда, банктын кызматкерлери бизди терезеден камерага тартып аткан. Милиция ошол эле кадрларды сотко көргөздү. Бул Дүйнөлүк банк милициянын колу менен бизди каралагысы келгенин көрсөтүп турат», - дейт Абдрасулова. Ошол акция учурунда коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылды деген айып тагылган укук коргоочуну кечээ Ленин райондук соту актап чыгарган. (IJz)

XS
SM
MD
LG