Токмоктогу суу чарба бирикмеси жана Эл аралык «Урбан институту» «Токмок суу чарбасын ишке киргизүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктан 20,6 миллион сом грант утуп алды. Учурда анын эсебинен Токмок шаарындагы үч насостук станциясын жер алдындагы 9 суу түтүгүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Эми жаңы суу түтүктөрүнүн жардамы менен Токмок шаарынын эки кичи районунундагы 4000 батирге суу берилмекчи. Бул туурасында Токмок шаардык суу чарба бирикмеси маалымдады.