Ирактагы америкалык аскерлердин жетекчилиги кечээ күнү билдиргенге караганда, өлкөдөгү диний-аралык кагылышууларга себеп болгон куралдуу топтун жетекчилеринин бири кармалды. Айрым маалыматтарга караганда, ал - шийи имамы Муктада ас-Садрдын жардамчысы Абдул-Хади ал-Дарражи. Ирактын Басра шаарына кечээ күнү АКШ коргоо министри Роберт Гейтс келди жана аны менен жолукканда, Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Жорж Кейси - бул аракет өлкөдөгү куралдуу кагылышуулардын азайышына алып келет деп ишенгенин билдирди.