Казакстандын Чимкент шаарында кечээ күнү 21 доктурга каршы сот башталды, алар - Түштүк Казакстан дубанында СПИД эпидемиясынын чыкканына күнөөлүү деп айыпталууда. Сот жыйынына журналисттер киргизилген жок, экинчи отурум дүйшөмбү күнү болот. Чимкентте чыккан эпидемиядан былтыр сегиз жаш бала өлүп, дагы ондогон балага СПИД вирусу жуккан, балдар - аларга таза эмес кан куюлгандан ооруй баштаган деп айтылууда. Казакстандын саламаттык сактоо министри Ерболат Досаев жана Түштүк Казакстан дубанынын акими Болат Жылкишиев кызматынан кетишти.