Ички иштер министрлигинин ыкчам бөлүгү кечээ күнү бир катар оор кылмыштарга тиешеси бар делген адамдарды кармоо учурунда жаракат алып, көз жумган кызматкери менен коштошту. Кечээ күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Айбек Нарматов милиция кызматкерлери менен атыша кетип, андан старшина Өмүрбек Жумакадыров жеринде каза болгон эле. Экинчи старшина жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Ал эми Айбек Нарматов жарадар болуп, жан жөкөрү Чекиров убактылуу кармоочу жайга камалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. (IJz)