Феликс Кулов 1999-жылга чейин Аскар Акаевдин санаалаш адамдарынан болуп, бир топ жооптуу кызматтарда иштеди. Ал 1991-жылкы ГКЧПнын убагында биринчилерден болуп, дароо каршы чыгып, маанилүү мамлекеттик мекмелерге күзөт коюуга чакырганы да анын саясий кыраакылыгын көрсөткөн дешет.
Акаевдин убагында Улуттук коопсуздук министри, губернатор, вице-президент болуп иштеп, Бишкек шаарынын мэри болуп жүргөн кезде отставкага арыз берген. Ошол жылы “Ар-намыс” партиясын түзүү менен Феликс Кулов оппозицияга өттү. Бирок ага чейин аскар Акаевдин жакын адамдарынан болуп келген дейт “Эркиндик” партияынын төрагасы Топчубек Тургуналиев.
- Аскар Акаевдин командасындагы эң жакын адамдарынан болчу да. Акаев кандай гана кызматка койгон жок. Экөө чогуу кандай гана иштерди жасашкан эмес. Кулов кезегинде Аскар Акаевдин сөзүн эки кылчу эмес. Анан саясий амбициясынын өтө жогору экендиги президент менен мамилесин бузган.
Байкоочулардын баамында, Куловдун кыргыз тилин билбегендиги саясий карьерасындагы чоң кемчилдиги болуп келатат. 2000-жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаев Куловдун саясий дараметинен чочулап, дал ушул алсыз жерин өзүнө каршы пайдаланды. Ошентип Феликс Кулов президенттикке талапкерлер өтө турган мамлекеттик тил боюнча экзаменди тапшыруудан баш тартты.
- Эсимде Ош алааматы убагында түндөп маектешип отуруп калып аттык. Анда Гончаревдун, Ички иштер министринин орун басары эле. Ошондо бир күнү айткам. Кыргыз улутунун эң бир ыйык символу болгон кыргыз тилин үйрөнүп ал деп айттым. Келечегиң алдыда, далай тепкичти басып өтөсүң дегем. Макул, макул деп калган, бирок ошол бойдон үйрөнгөн жок,- дейт Топчубек Тургуналиев.
Феликс Кулов президенттик ат салышуу ниетин ырасмий билдиргенден кийин ошол кездеги президент Аскар Акаев ага куугунтукту баштаган. Акыры үч чоң кылмыш иштин аркасы менен Кулов 5 жылдай абакта жатты. Саясий куугунтук жеген оппозициячыл саясатчы катары Феликс Куловдун ошол кезде рейтинги кескин жогорулап, улуттук баатырга айланган.
Абакта жаткан Феликс Куловду 24- марттагы ыңкылап боштондукка чыгарды. Бийликке келген оппозициянын алдыңкы катарында болуп, күч органдарын көзөмөлдөп, талап-тоноочулукту токтоткондо Феликс Куловдун кадыр-баркы ого бетер өскөн. “Ар-намыс” партиясынын жаштар канатынын лидери Арсен Айилчиев мындай дейт:
- Эгемен кыргызстандын тарыхын алып карасак, Феликс Куловдун ролу абдан чоң. Ош окуясында да Феликс Кулов аябай чоң тарыхый рол ойноду. 24- марттагы окуяларды деле алып карасак, күч органдарын өзү колго алып, талап-тоноочулукту бир күндө токтотту.
Көпчүлүк байкоочулар революциядан кийин Бакиев менен тандемге барышы да өлкөдөгү бейпилдик жана стабилдүүлүк үчүн туура болгон дешет. Ошентип тандемдин шартына ылайык өкмөт башчылык кызматта отурганына эки жылга баратат. Бирок премьер-минитср катары Феликс Кулов өзүн көрсөтө албай калды дешет байкоочулар.
- Бул киши айыл чарбасында да, эл чарбасында иштеген жок. Экономиканы жакшы билбейт. Премьер-министр болуп турганына эки жыл болуп калды. Бирок иштин мазмунун билип чечкиндүү иштегенге жараган жок. Кечээ болсо парламентте сүйлөп жатат, байкап калдым. Мен, мен деген сөздөрү көп экен. Мен билем, мен жоопкерчиликти алам деп атат. Өкмөт деген коллегиалдык орган, өкмөт мүчөлөрдү четке түртүп салып, жекече чечим кабыл ала турганга азыркы заман дагы, короодогу саясат да жол бербейт,- дейт мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев.
Айрым байкоочулар дал ушул Бакиев менен болгон тандем терс натыйжа берип, анын колу-бутун байлап, эркиндигин жоготту деп атышат. Кыргызстанды сактоо кыймылынын лидери Анвар Артыков көз каранды болуп, саясий тузакта калганы өкүнүчтүү дейт:
- Революциядан кийин бийликке келгенден бери көз карандысыздыгын жоготуп, башка бирөөнүн саясий тузагына түшүп калдыбы деген ой келет. Туура бул кииши абдан сабаттуу, саясий жактан кыраакы, бирок өз оюн ачык айта алган жок. Премьер катары эч нерсеге жете алган жок. Мына, Коснтитуцияга президент кол койду, бирок ушул Башмыйзамга карата да түз оюн айта алган жок.
18-январда парламент Феликс Куловду премьер-министрликке бекитпей койду. Депутаттар ага ириде бул кызматта өзүн көрсөтө албагандыгы, ХИПКке киребиз деп тырышканы себеп дешет. Анын талапкерлиги талкууланып жатканда депутат Дооронбек Садырбаев Кулов жүргөн жердин баары чыр-чатак деди:
- Куловдун фамилиясы жүргөн жердин баарында чыр-чатак жана кылмыш иштер болуп атат. Мен силерге айтып койойун, Кулов өкмөт башчы болсо, болбой калса да, кыргыз элинин кыргыз мамлекетинин, кыргыз журтчулугунун кылы кыйшайбайт.
Бирок депутаттардын бул өңдүү айыптоолоруна Феликс Кулов өзүн салмактуу кармап, токтоолук менен жооп бергенге аракет кылып атты. Коомчулукта Кулов сынга чыдамдуу көтөрүмдүү деген да ойлор бар. Кулов ошону далилдеп, парламентте өтө курч жана ыңгайсыз суроолору үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.
Феликс Кулов буга чейин “темирдей бекем Феликс” деген атка конуп келди. Саясатта чындап эле сөзүнө бекем тургандыгын жана эркинин бекемдигин айтышат. Бирок, ушул күндөрү Кулов ал образын сактай албай атканын да айтып жүрүшөт. Саясатчы Анвар Артыков 5 жылда түрмөдө сынбаган эрки азыр каякта дейт:
-Бул кишинин адамдык сапатына келсек, бир жерин дайым байкап таң калып келем. Беш жыл түрмөдө отурганда да сынган жок. Аябай эрки күчтүү, мен ошого тан берем. Бирок азыр ошол эрки каякка кетти деген ой келет.
Бирок Феликс Кулов ушул кызматка келгени өтө оор күндөрдө, оор кырдаалдарда иштегенин да эске алуу керек. “Интербилим" уюмунун лидери Асия Сасыкбаева айткандай балким ал кыраалдардын барымтасында калгандыр:
- Көптү көргөн, көптү билген киши. Жакшы эле иштеп бермек. Бирок кыргызстандагы саясий кырдаал дагы оор болуп турду. Кырдаалдын да барымтасында калды го деп ойлойм.
Феликс Куловдун өкмөт башчылык тагдыры ушул жумада кайрадан каралат. Өтөр-өтпөсү тууралуу коомчулукта ар кыл ойлор айтылган менен Кулов өзүн ишенимдүү кармап турат. Бирок эң башкысы премьер-министрдин милдетин аткаруучуга бул жума балким саясий карьерасында анча ийгиликтүү эмес апта болгондур, бирок “Ар-намыс” партиясы билдиргенге караганда, жеке турмушунда кубанычтуу окуя болуп, Феликс Кулов парламент кулаткан так ошол күнү кыздуу болду.
Чолпон Орозобекова, Бишкек