Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

ОРОЗБЕК ДҮЙШЕЕВ: БҮГҮНКҮ САЯСИЙ АБАЛ КРИМИНАЛДАРГА БАЙЛАНЫШТУУ


Эл аралык массалык маалымат каражаттары адам өлтүрүүнү уюштурду делип шектелген Россиянын Федерация кеңешинин экс-сенатору Игорь Изместьев 16-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун чакыруусу менен Бишкекке келип, Манас абамайданынан Россиянын күч органдары тарабынан кармалып кеткенин байма-бай жазып чыгышты. Өткөн жума соңунда өкмөттүн басма сөз кызматы орус ишкерин Феликс Кулов чакырган эмес, деген билдирүү таратты. Ал эми коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев өлкөдөгү азыркы саясий абал криминалдар менен байланыштуу деп эсептейт.

Россиялык ишкер, Федерация кеңешинин экс-сенатору Игорь Изместьев 2001-жылы өзүнүн мурдагы өнөктөшү Юрий Бушевдин жубайы, нотариус Галина Перепелкинаны өлтүрүүнү уюштурган, делип шектелип 16-январда Манас абамайданынан кармалган. Анын адвокаты Владимир Семенцев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын көмөгү менен Изместьевди Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы мыйзамсыз уурдап кетти, деген маалымат таратты.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекиси Токтогул Какчекеев анын пикирине макул эмес. Анын айтымында, Изместьев Россия менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынны эки тараптуу келишимдеринин негизинде кармалып, Россияга өткөрүп берилген.

Игорь Изместьев кылмышка дуушар болуп жана ал мыйзам жолунда эл аралык издөөгө алынган. Биз, ал эл аралык келишимдердеги милдетибизди аткаруу үчүн, ошондой ишке барганбыз,- деди Токтогул Какчекеев.

Жогорудагы окуяга байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-январда билдирүү таратып, анда Игорь Изместьевди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Бишкекке жолугушууга чакырбаганы айтылат. Маалыматка караганда, Изместьев өткөн жылы 31-мартта Бельгиядагы элчи Чынгыз Айтматовдун чакыруусу менен Бишкекке келип, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов жана Өнөр жай, соода министрлигин ошол кезде жетектеген Алмаз Атамбаев менен жолугушкан. Изместьев Россиялык “Корос” компаниясынын өкүлү катарында Башкыртостандан мунайдын чийки затын алып келип, Кыргызстанга жылыга 1 млн. тонна мунайзат иштетүүчү завод курууну сунуштаган. «Андан кийин өкмөт башчы тарабынан Изместьев менен сүйлөшүүгө жана жолугушууга эч кандай сунуш болгон эмес»,- деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан.

Тоокенчилер ассоцациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев Россиялык ишкер Игорь Изместьевди тааныбастыгын, «Кыргызстанда кен байлыктарына байланыштуу иштер ачык-айкын жүргүзүлсө, өкмөт жогорудай ар кандай кептерге чалдыкпай, жаманатты болбойт эле»-деген пикирин айтты.

Жанагыдай качып жүргөндөр менен өкмөттүн байланышканы негизинен туура эмес. Биз мамлекеттин кишилери менен сүйлөшүүбүз керек. Буга окшогон качкын, криминалдар менен сүйлөшүү менен биз жакшылыкка барбайбыз.Мына бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү саясий акыбал ушул криминалдарга байланыштуу,- деди Орозбек Дүйшеев.

XS
SM
MD
LG