Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:36

РЫСПАЙ ЗАМАНДАШТАРЫНЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНДӨ


Ар бир элдин залкар шайыры жаңы ырларын, күүлөрүн чыгарууда чыгармачылыктын ар кандай толкундоолоруна туткундала, кыялданууларга бата жараткандарына күндөлүк турмушта көп эле күбө болуп жүрөбүз. Маркум Рыспай ар бир жаңы обонун жазып жатканда жалгыздыкты көксөп, өткөн-кеткендерди эстеп, обонуна тамызгы болгон тексттин тегерегинде өзүн-өзү азапка салып, удургуп, күчү жетпей баратканда көз жашын мөлтүлдөтө төгүп, бугун чыгара чыгарма жаратчу. “Эгер ал ырлар силердин да жүрөгүңөрдү козгоп ойго салса, жакшы тилегиңерге жетүүчү жолдо кызмат өтөй алса, анда көз жашым текке кетпептир, ырларым көңүлүңөрдөн түнөк тааптыр деп эсептейм” деп, ал басса-турса да айтар эле.

Рыспай аккордеонду булбулдай таңшыта тартучу. Ал аспапты ийине жеткире ойноо менен элдик салттуу аваздык музыканын чегин, диапазонун кеңейтип, улуттук жана европалык музыканын берметтерине шөкөттөлгөн формаларды, ыкмаларды, вариацияларды (кайталоолорду) классикалык үлгүдө устаттыкта пайдаланган. Ошентип, Рыспай аргендей тунук үнү, аккордеонду тартуудагы чеберчилиги, өзгөчө обончулук туубаса шыгы менен терең образдуу өзүнчө бир “ыр театрын” жаратууга жетишкен.

Залкар шайыр 53 жаштын аралыгында 124 обон чыгарган. Алар “Ырларым менин тагдырым”, “Жолугарым билгемин” деген аттарда басмаканадан жыйнак болуп басылып чыккан. Эки аудио альбому да жарык көрдү. Ага автордун өзүнүн аткаруусундагы 50дөн ашык ырлары кирген. Кыргыз телесинин фондусуна Рыспай жөнүндө 207 мүнөттүк музыкалык берүү сакталууда. Ар кандай газета-журналдарга Абдыкадыров тууралуу 100дөн ашык макала жарыяланган.

Абдыкадыровдун кыргыз телерадиосунун алтын корунда 123 ыры сакталып турат. Аларды өзү жана дүйнөлүк ысымдагы опера ырчысы Болот Миңжылкыев баш болгон СССРдин, Республиканын эл артисттери Кайыргүл Сартбаева, Салима Бекмуратова, Саламат Садыкова, Эрмек Мойдунов, Республиканын эмгек сиңирген артисттери Гүлмайрам Момушова, Зейнеп Шакеева сыяктуу таанымал ырчылар аткарышкан.

Эл артисти Керимберди Турапов Рыспайды дүйнөлүк ырчылар менен салыштыра айтып келип:

- Рыспайдын ырлары болсо күндөн күнгө күч алып, жаңы муундар тарабынан жаңыча стилде ырдалууда. Рыспайдын жан дүйнөсү жаратылышка, элине жакын. Ошондуктан Рыспайдын чыгармалары канынан, жанынан жаралган. Рыспайдын дагы бир өзгөчөлүгү обондорун аккордеондун коштоосунда чыгарып, бөтөнчө үн менен ырдоочу. Акыркы күндөгү жогорку билимдүү аккордеончулардын бир дагы Рыспайдай чеберчиликте ойной алышпайт. Рыспайдын улуулугу, классикалык касиети ушунда деп ойлойм. Рыспай акебиздин сандыгында элге жете элек аткарыла элек чыгармалары көп деп ойлойм. Мага эле өмүрүнүн акыркы жылдарында үч чыгармасынын нотасын ырдап чык деп таштап кеткен эле. Тилекке каршы ушул күнгө чейин ырдап чыкпай келе атам. Ушул сыяктуу көптөгөн чыгармалары бар болуш керек. Аларды таланттуу жаштарыбыз элибизге тартуулайт деген ойдомун, - дейт Керимберди.

- Саламат айым, маркум Рыспайды көрүп-билип, гастролдордо бирге жүрүп, азыркы күнгө чейин ырларын ырдап жүрөсүң. Эмне үчүн Абдыкадыровдун ырлары элге жетимдүү жана ырдамдуу?

- Биринчиден, Рыспайдын ырлары турмуштун казанынан кайнап чыккан ырлар деп эсептейм. Экинчиден, Рыспайдын ырларынын ооздон-оозго өтүп, талашып ырдалып жатканынын себеби жагымдуулугу, жүрөктөн жүрөккө жетип аткандыгы. Эң негизгиси Абдыкадыровдун ар бир ыры пьеса сыяктуу образдуу. Ачык айтканда айтайын деген ою бар, өзүнчө эле бир спектакль. Адамга баардык нерсени жаштык кезинде берет турбайбы. Маселен акылды, курчтукту, сулуулукту, эмгекчилдикти, жаратмандыкты, махабатты. Мына ушул өлбөс, өчпөс, дайым жаш сүйүүнү даңктаган Рыспай Абдыкадыров эле.

- Эрмек мырза эмки кеп кезмети өзүңдө. Рыспай тууралуу эмне дейсиз?

- Кыргыз элиндеги таланттуу адамдардын бири – Рыспай Абдыкадыров эле. Өмүрү кыска экен оо дүйнө кетип калды. Бирок, ырларын, талантын караңыз. Мен ойлойм, эмнегедир ушундай төрт тарабы төп келген адамдардын өмүрү кыска болот экен. Рыспайдын ырларын мурунку ырчылардан дагы жеткире ырдаган аткаруучулар болуш керек. Маркумдун ырларынын дагы түпкүрдөгү сырлары ачыла элек. Рыспайдын романстардын үлгүсүндө жазылган терең мазмундуу ырлары бар. Ошондой ырларын элге алып чыгуубуз керек.

Рыспай "Жылдын төрт мезгилинин ичинен жаз өмүрдүн башталышы, күз - өмүрдүн аягы. Ар бир жалбырак куурап түшкөн сайын көрөр күнү бүткөн адамды эсептейт” – деп, көп айтуучу. Айтканындай эле ал 1994-жылдын 12-сентябрында көз жумду. Өмүрлүк жары Давлет Сманова: “Муңайбагын булбулум! – Жаз менен музыка барда сен түбөлүккө тирүүсүң! Сен күздө кетип, жазда кайткан аппак кушумсуң. Ар жаз сайын сени күтө берем...” деп, зар какшап жүрүп, ал да oо дүйнөгө сапар алды.

Ал эми Рыспайдын шаңкылдаган тунук үнү өчпөй, ырлары муундан-муунга өтүп, ооздон-оозго өтө ырлары күнү бүгүнкүдөй жашоосун улантууда.
XS
SM
MD
LG