Бийликтеги үчүнчү мөөнөтү бүтөрдө Минтимер Шаймиев президенттик кызматын тапшырууну чечкен эле. “Мурда айтып жүргөндөй,2006-жылдагы шайлоого катышпайм дедим эле. Анын үстүнө баштагы эрежелер өзгөрдү,ошо себептен бу маселени талкуулаган кезде Путин менден дагы бир мөөнөткө иштеп бербейсизби деп сурап калды. Мен ойлонуп көрүп,макул болдум”, - деп айткан эле Шаймиев былтыр.
Минтимер Шаймиевдин бийликте узак жыл отурганын байкоочулар эки себеп менен байланыштырышат: атап айтканда,аны,биринчиден,күчтүү,экинчиден, ийкемдүү саясатчы дешет.
“Сепаратизм картасын” да Шаймиев аша чаап ойногон жок, ошол эле учурда республиканын таламдарына келгенде Москвага көп деле кебек алдырбады.
Мындан үч жылдай мурда Путин регионалдык лидерлерди жалпы элдик шайлоодо эмес, парламентте дайындоо тартибин киргизгенде Казан менен Москва ортосунда талаш чыккан.
Федералдык бийликтер жаңы эрежеге этибар бербеген республикалык парламенттерди,анын ичинде Татарстандын мамлекеттик кеңешин жойгонго аракет кылышкан.
“Биз мындай жолдун эч кандай формасына макул болбойбуз”,- деп билдирген Шаймиев ошондо.
Президентти парламент шайлаган ыкма дүйнөдө кеңири таралганын эске салып, Шаймиев парламентти эл шайларын, аларды таркатып же жоюп салуу элдин эркине каршы иш болорун кыйла эле катуу апазда айтып, Москвага каяша кылган.
Айрым эксперттер Шаймиев өз республикасында башкаруунун “советтик-феодалдык” ыкмасы менен базар моделин кылдат кыйыштырган режим түздү дешет. Табигый байлыктары менен өнөр жайлуу көрөңгөсүн пайдаланып, ал Татарстанды бардык көрсөткүчтөрү жагынан Россиядагы алдыңкы республикага айлантты. Аны орусу дебей, татары дебей, республикада бирдей кадырлашат.
Шаймиевдин 70 жылдыгы Москва менен Казандын ортосундагы дагы бир талаш тутанган учурга туш келди. Атап айтканда, былтыр ноябрда Россия Федерациясы менен Татарстандын өз ара бийлик укуктарын ажырымдоо тууралуу келишим түзүлүп,ага Путин менен Шаймиев кол коюшкан.
Бирок орус думасы ушул күнгө чейин документти ратификациялай элек. Бир топ депутаттар бул келишим Россияда сепаратизмге нук салат жана федерациянын ыдырашына алып келет дешет.