Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Колумбия модели Ооганстанга өрнөк болобу?


Колумбиядагы маңзат аткезчилигине жана козголоңчуларга каршы күрөштүн модели Ооган өкмөтү үчүн үлгү болуп бериши ыктымал, - деп билдирди АКШнын биргелешкен штабдар жетекчиси, генерал Питер Пэйс Боготадагы сапары маалында. Американын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан программада ири аймактарды куралдуу топтордон тазалоо, жергиликтүү жакыр калкка гуманитардык жардам берүү, иш менен камсыздоо каралган. Колумбия дүйнөдөгү кокаиндин эң ири өндүрүүчүсү.
Апта башында президент Буш АКШнын Колумбиядагы элчисин Ооганстанга элчи кылып дайындады.

XS
SM
MD
LG