Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

11:30 Кызмат учурунда окко учкан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө акчалай жардам берилди


Ички иштер министрлигинин ыкчам бөлүгүнүн кызматкери, старшина Өмүрбек Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө ички иштер министрлиги тарабынан 150 миң сом каражат бөлүнүп берилди. Ал өткөн жума күнү Аламүдүн районундагы Пригородное айлында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо учурунда окко учкан эле. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын маалымат катчсы Олжобай Казабаев билдирди. Ошондой эле анын айтуусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, колго түшкөн Айбек Нарматов да октон алган жаракатынан улам 20-январдан 21-январга караган түнү ооруканадан каза болгон. Ал да ошол күнү атышуу учурунда жарадар болуп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген болчу. Ал эми анын өнөктөшү Чекиров убактылуу камоо жайында кармалууда.

XS
SM
MD
LG