Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

HIPC ПРОГРАММАСЫНА КАРШЫ ИШ-ЧАРАЛАР УЛАНТЫЛАТ


“HIPCке каршы” демилге тобунун маалыматы боюнча, келерки жумадан тарта республиканын бардык булуң-бурчтарында Кыргызстандын HIPC программасына кирүүсүнө каршы нааразылык акциялар башталат. Нааразылык иш-чарасы жөө жүрүш түрүндө өтмөкчү.

Алгач “HIPCке каршы” демилге тобуна кирген саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү нааразылык акцияларын Бишкек шаарынан башташмакчы. Ага удаа нааразылык акциясынын уюштуруучулары Чүй, Талас, Нарын, Ош, Ысыккөл, Баткен, Жалалабад облустарын түрө кыдырып, бул программа тууралуу түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, элди ага каршы үндөшмөкчү. Бул тууралуу «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова «Азаттыкка» маалымдады. Анын ырасташынча HIPC программасынын кирүүсүнө кызыкдар адамдар алар өткөргөн иш-чараларга жолтоо болушу да ыктымал.

- Менин үстүмөн кылмыш ишин козгоп, HIPCке каршы чыккандарды тизгиндөө аракеттери болду. Бирок, биздин өзүбүздү коргогонго укуктук да мыйзамдык да билим деңгээлибиз жетет, - дейт Абдрасулова.

Ага карата HIPCке каршы акция өткөрүү учурунда коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылды деген айып менен кылмыш иши козголуп, 19-январда Бишкек шаардык Ленин райондук соту актап чыгарган. (IJz)

XS
SM
MD
LG