Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

16:30 Таласта өспүрүм майып балдардын күндүзгү реабилитациялык борбору ачылды


ТАЛАС. Аталган борбор “Эвричайл” бейөкмөт уюмунун жардамы менен Көкой айылынын күн батыш жагында “Тайкүлүк” бала бакчанын бөлмөсүндө ачылды. Көкой айылында жалпысынан 22 мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар бар. Бул демилге айылдагы “Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” деген уюм тарабынан көтөрүлгөн. Борборду түзүүнүн максаты мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды коомго аралаштыруу болуп саналат. “Эвричайл” тарабынан борборду түзүүгө 82 миң сом жумшалып жана эки саан уй бөлүнгөн. Ал эми райондук администрация тарабынан борборго 10 миң 340 сом жардам көрсөтүлгөн. (UA)

XS
SM
MD
LG