Ливия өкмөтү өлкөнүн бюджетине жасалган басымды азайтуу жана жеке тармакты өнүктүрүү максатында 400 миң мамлекеттик кызматкерди жумуштан бошотот. Ишемби күнү парламентте сүйлөгөн сөзүндө премьер министр ал-Багдади Али ал-Махмуди өткөн жылы мамлекеттик кызматчылардын саны миллиондон ашып, үч миллиард доллардан ашык каражат сарпталганын билдирди. Кызмат ордун жоготкондорго мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөт деп кошумчалады премьер-министр.