Бул тууралуу ооган президенти Хамид Карзай билдирди. Ооган парламентинин алгачкы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Хамид Карзай маң заттар жана коррупция өлкөдөгү зордук-зомбулуктун күчөшүнө өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады. Президент Карзай улут кызыкчылыгын сактап калуу үчүн ооган элин биригүүгө чакырды.