Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

Грант Динкти өлтүргөн өспүрүм күнөөсүн мойнуна алды


Огүн Самаст журналист Хрант Динкти түрк элин кемсинткендиги үчүн өлтүрдүм деп мойнуна алганын полиция кызматкерлери маалымдады. 17-жаштагы Огүн Самаст журналист Динкти 19-январда кечинде Стамбулдун көчөлөрүнүн биринде атып кеткен. Теги армян Хрант Динк Түрк өкмөтүн Биринчи дүйнөлүк согушта армяндардын массалык кыргынга учурашын геноцид деп атоого чакырып келген. Ал андай комментарийлери үчүн бир нече жолу сот жообуна да тартылып, түрк улутчулдарынын каарына калган.

XS
SM
MD
LG