Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

АФИША: «КУРМАНЖАН ДАТКА», БАГДАСАР АКЕ» КЫРДРАМДА


Бул жумада Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында “Курманжан датка”, “Күйөө бала”, “Багдасар аке” жана башка бир катар спектаклдер көрсөтүлөт.

“Курманжан датка” спектаклин сахналаштыруу идеясын маркум режиссер, КРнын эмгек сиңирген Бообек Ибраев көтөрүп чыккан. Ал кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков менен кеңешип, анын “Сынган кылыч” романынын негизинде пьеса жаратып, улуттук театрга койсок деген демилге менен кыргыз драма театрын көркөм кеңешине сунуш кылышкан. Ал эми көркөм кеңеш кабыл алган соң КРнын эмгек сиңирген артисти Замир Сооронбаев менен пьесаны сахналаштырышкан. Бул спектаклде Курманжан датканын өмүр таржымалы, кыргыз журтчулугуна кылган кызматы, саясий ишмердүүлүгү чагылдырылган. Бул спектакль биринчи жолу көрүүчүлөргө 2001-жылдын август айында тартууланган.

24-январда өзбек драматургу Саид Акматтын “Күйөө бала” спектакли тартууланат. Театрдын жетекчиси Кыргызбай Осмоновдун айтымында театрдын репертуарында драма, трагедия жанрындагы спектаклдер көп болгондуктан мына ушул комедияны сахналаштырышкан.

25-январда армян драматургу Луи Пароняндын "Багдасар аке" комедиясы коюлат. Армяндардын классикалык чыгармаларынын бири катары саналган бул комедия 20-кылымдын башында Стамбулда жашаган армяндардын жашоосунан алынган. Чыгармада сүйүү темасы чагылдырылат. Оюндагы башкы ролду, Багдасар акенин ролун белгилүү куудул Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов ойномокчу.

26-январда Мырзабек Тойбаевдин “Өчпөс жылдыз” спектакли болот. Бул чыгарманы автор белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовго арнап жазган. Бул спектакль тууралуу театрдын актеру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев мындай дейт.

-Спектаклде Султан Ибраимовдун өмүр баяны чагылдырылган. Мен оюнда капитан Фатеевдин ролун ойнойм. Спектаклде окуя өнүгүп келип эле Султан Ибраимовду ким өлтүрдү деген суроого келип такалат.

27-январда Мар Байжиевдин “Кыз күйөө” спектакли көрсөтүлөт. Маркум режиссер Бообек Ибраев сахналаштырган бул спектакль тууралуу театрдын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Шайгүл Алсейитова буларды айтты.

-Бул спектакль жыйырма жылдан бери сахнадан түшпөй келе жатат. Анын себеби өлбөгөн өчпөгөн тема чагылдырылган, мисалы эненин, баланын, келиндин темасы бар. Оюнда үч эле адам катышат. Кайненеси, баласы, келини. Мен кайнененин ролун ойнойм. Былтыр бул спектакль менен Түркияда өткөн эл аралык фестивалга катышып, ийгилик менен келгенбиз.
XS
SM
MD
LG