Алардын биринде дагы саясий мүнөз жок, баары тең мүлк жана акча талаш. Бул тууралуу ИИМдин болгон уюшкан кылымштуулукка каршы башкармалыктын жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди. Алардын жетөө сотко ашырылып, 17си боюнча иш иликтенип жатат. Депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү боюнча 2 адам кармалып, айыптар тагылды. Полковник Чыныбек Алиевдин, Рысбек Акматбаевдин өлүмү боюнча иштер Башкы прокуратурада тергелип жатат.(ChO)