Феликс Куловдун премьер-министрликке кайрадан сунушталышында эч кандай мыйзам бузуу жок, деп айтылат өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. Анда парламент комитети бул маселеде «ЖК регламенти жөнүндөгү» мыйзамга эмес, «КР өкмөтү тууралуу» конституциялык мыйзамга таянышы керектиги, аталган мыйзам парламент ишмердигин аныктаган регламенттен алда канча жогору тураары белгиленген. Ошондой эле «Өкмөт тууралуу» мыйзамдын 6-беренеси баш мыйзамга каршы келбестиги, ага ылайык президент премьер-министрдин талапкерлиги үч жолу четке кагылган учурда Жогорку Кеңешти таратып жиберүүгө укугу бар экени айтылат.(SM)