Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

ЫҢКЫЛАПЧЫЛ ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ ПАРЛАМЕНТТЕН ӨТПӨЙ КАЛДЫ


Парламент өкмөттүн 2005-жылкы бюджетинин аткарылышы тууралуу мыйзам долбоорун өткөргөн жок. Айрым депутаттар өлкөнүн негизги экономикалык документинде белгиленген тапшырмалар так аткарылбай, бюджеттик акчалардын биртобу мыйзамсыз пайдаланылган дешет. Эки жылдан бери Кыргызстан экономикалык кескин өнүгө албай, өкмөт парламенттин катаал сынына туш келүүдө.

2005-жылдын бюджетинин кандай аткарылганы элдин баарына дайын. Аны Экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров мындайча сыпаттады.

- 2005-жылы ички дүң продукттун көлөмү 0,6% азайды. Ал көрсөткүч өнөр жайдагы өндүрүш 12,1%, айыл чарбасындагы 4,2% төмөндөштөн келип чыккан.

Элдик ыңкылаптын күрү-күүсү менен өтүп кеткен ал жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн антип төмөн болуп калышынын эрен-төрөнү эгер 2006-жылда кескин жылыш пайда болгондо билинмек деле эмес. Бирок да 8% жетчү Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү өткөн жылы 3% өйдө көтөрүлө албаганы жаңы жыл алдында кызматын таштап кеткен Ф.Куловдун өкмөтүнө аброй алып келбеси турган иш.

Парламент депутаты Темир Сариев өз кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө албаган өкмөттүн экономикалык стратегиясы жок дейт.

- Эмне үчүн 2006-жылы да биз бюджетте көрсөткөн чекке чыгышкан жок? «Кумтөрдө» авария болду дейт. Бере турган «Жерүй» алтын кени эмдигиче чечиле элек. Мына азыр соттошуп жатышат. Бул өкмөттүн саясаты жок. Аны жөн эле жең ичинен берип коюшкан. Кимиси эмне алганын биз билбейбиз.

Депутат Камчыбек Ташиев элдик революция өтүп, көпчүлүк чоң үмүт кылган жаңы бийлик тушунда казынаны уурдоо тыйылмак турсун күчөп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2005-жылы августта бөлүнгөн 39 миллион сомдун жең ичинен кымтылып кетиши менен ырастады.

- Бул бюджеттен сырткары бөлүнгөн акча. Бул МЧСтин бюджетиндеги акча эмес. Мына, фирмалардын аттарын атап бер десеңиз мен атап берем азыр.

А.Жапаров: - Атап берсеңиз азыр?

- ОсОО «Овация» - 8 миллион 600 миң сом. ОсОО «Елена» - 11 миллион 400 миң сом. ОсОО «Хелп Ми» - 13 миллион 700 миң сом. Бир күндүк фирмалар.

Кенен бир жыл саясий толкундоолордон кутула албаган Кыргызстандын 2005-жылкы бюджетинин кандай аткарылышын азыркы өкмөттөн катуу талап кылып, аны жарга такай берүүнүн кажаты жок, дейт депутат Авасбек Момункулов.

- 2005-жылкы бюджет үчүн өкмөт менен Каржы министрин күнөөлөш туура эмес. Ансыз деле ал жыл башаламан болгон.

Анткен менен бюджеттик акчалардын кыйласы мыйзамсыз жумшалганын Эсептөө палатасынын төрагасы Надырбек Турганбаев ырастап, тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага берилгенин маалым кылды.

- Топтолгон материалдын баарын биз Башкы прокуратурага бердик.

Бюджеттик акчаларды мыйзамсыз пайдалануу деген сөзгө өзгөчө этият мамиле жасап, аны уурдап алды деген менен чаташтырбоо керектигин парламенттин бюджет жана каржы комитетинин башчысы Акматбек Келдибеков белгиледи. Анын пикиринде азыркы өкмөт буга анча маани бербейт.

- Же болбосо максатсыз пайдалануу менен уурдоо – экөөнүн айырмасын тактап мынабул жерге чыгарып койгула!

Кыйла эле кызуу талкуудан соң отуз алты депутат өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоорун колдоду. Бирок да анын парламенттен өтүшүнө 2 добуш жетпей калды. Экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров бюджеттик акчаларды максатсыз пайдалануу деген түшүнүктүн тегерегиндеги талаш он төрт жылдан бери улантылып келатканын белгилеп, эч кандай уурдоо болбогонун айтты.

- Уурдоо боюнча бир да факты жок. Ушул акчаны бирөөлөр жеп алды, чөнтөгүнө салып алды деш үчүн биринчиден, сот керек. Экинчиден, кылмыш иши козголуп ошол далилдениш керек. Максатсыз пайдалануу деп коет, бул 14 жылдан бери эле келатат. Буга чекит коюлуш керек.

Онбеш жылдан бери биринчи ирет парламент өкмөттүн ишин «2»ге баалап, бюджеттин аткарылышы тууралуу мыйзам долбоорун өткөрбөй койду.

XS
SM
MD
LG