Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

ЧҮЙ ЛИДЕРЛЕР БОРБОРУ ЖАНЫ СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кант шаарындагы Чүй лидерлик окуу борбор Түштүк Кореялык FHI кайрымдуулук кору тарабынан 2004-жылдын аягында ачылган. Эки жылдын ичинде лидерлик окуу жайда 20 бала билимин өркүндөтө алган.

Борбордо эң ириде англис жана корей тилдерин терең үйрөтүү менен компьютердик сабаттуулук өркүндөтүлөт. Ушуну менен катар ишкерликтик негиздери окутулат.

Тил билген, иштермандыктын сырларын жана жаңы технологияларды өздөштүргөн лидерлер даярдалат.

Келечекте башкаруучу болгусу келген Жеңиш Артыкбаев аталган борборго ушундай билим алуу үчүн тапшырган:

- Менде лидерлик сапат бар деп ойлойм. Элдин абалын, экономикалык абалды жакшыртуу колунан келген жетекчи болууну каалайм.

Кесиби боюнча экономист Гүлмира Кабылбекова бул жерден Кореянын менеджментин үйрөнгүсү, ошондой эле келечекте иш баштоо үчүн билим алгысы келет:

- Бул жакта жаңы билимдерди алам деген үмүт менен келдим. Кореянын өнүккөн экономикасынын негиздерин өздөштүргүм келет.

Чүй лидерлик мектепте студенттер бир жыл окушчу. Быйылдан тарта ыкчам ыкма менен окуу программа алты айдын ичинде өздөштүрүлөт. Аталган борбордун менеджери Илгиз Абдумомуновдун айтымында сабактар Түштүк Кореядан келген жана жергиликтүү окутуучулар тарабынан өтүлөт:

- Азыр карасак, бизде билим советтер союзунда окутулган боюнча, аң-сезимибиз, ой-жүгүртүүбүз да ошол бойдон калган сыяктуудай. Биздин чоң максатыбыз жаңы ой алуу. Жаңы бир идея алып, Кыргызстандын өнүгүшүнө кадам шилтөө.

Мелис Чүй лидерлик окуу борборунун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Азыр Бишкектеги Корея борборунда окутуучу болуп иштеп жатат. Жалабаттан келген Мелиске лидерлик окуу борбор эмне берди?

- Бул борбордон эң биринчи тил үйрөндүм. Жашоого болгон көз карашым аябай өзгөрдү десем болот. Себеби бул жерде жүргөндө мектептин таалим-тарбиясы мүнөзүбүзгө чоң таасирин тийгизди. “Мен кылалам!” деген жүрөктүн ичиндеги нерсе ар нерсени кылууга шыктандырып жатат да,-деди Мелис.

- Лидер болуш үчүн кандай сапаттар керек?

- Өзүңдүн мамлекетиңди сүйүш керек. Аябай ишкер болуш керек. Алдыга бара турган жолуңду, башкача айтканда максатыңды сөзсүз билишиң керек.

Чүйдөгү лидерлик окуу борбору Түштүк Кореялык ЭфЭйчАй кайрымдуулук кору тарабынан ачылган. Аталган кордун башчысы Йу Сан Гилдин айтымында бул борбордун максаты он-онбеш жылдан кийин Кыргызстанга өтө керек болгон адистерди азыр даярдоо эсептелет:

- Кыргызстанга беш-он жылдан кийин жаңы убак келет. Ошого адистерди азыр даярдаш керек. Ушундай философия бар. Жаңы билим керек. Эң биринчи IT технологиясы боюнча сабак берилет. Маркетинг, бизнес-пландар боюнча дагы сабактар берилет.

- Кыргыз жаштары менен корей жаштарынын ортосунда кандай айырмачылыктар менен окшоштуктарду байкадыңыз?

- Корей менен кыргыздын айырмачылыктары аз деп ойлойм. Анткени мүнөзү менен маданияты бирдей. Ошондуктан аракет болсо Кыргызстан да Кореядай мамлекет боло алат. Анкени Кыргызстандын байлыгы аз болсо да, жакшы балдар бар экен.

Окуу борборго буга чейин жалаң гана балдар кабыл алынып келген. Бул ирет өлкөнүн баардык облустарынан тандалып алынган он кыз жана жети бала окуганы турат. Студенттер борбордун жатаканасында жатып билим алышат. Чүй лидерлер окуу жайында эң оболу өз күчүнө ишенүүгө, максатты кое билип, ага жетүүнун жолдору үйрөтүлөт жана жаңы билим менен куралданган лидерлер даярдалат.
XS
SM
MD
LG