Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

18:02 Жалалабатта ишкерликтин проблемалары талкууланган конференция болуп өттү


Облуста ишкерликке тоскоолдук кылган түйшүктөр арбын. 23-январда болгон конференцияда айтылгандай, ишкерликке мамлекеттик колдоо, технологиялык жаңы жабдуулар, Интернет жана маалымат борбору, замандап кадрлар жетишсиз. Тармакка жеңилдетилген кредиттер берилбей, тиешелүү мыйзамдарда ишкерлердин ой-пикирлери, сунуштары эске алынган эмес. Бюрократиялык мамилелерден улам ишкана ачуу алты ай же бир жылга созулат. Күч уюмдарынын текшерүүлөрү сээлдей элек. Эмгек миграциясы да ишкерликке таасир этүүдө. Токтогул ГЭСинде эле 20-30 сейрек адис жаз алды менен Орусия же Тажикстанга кетүүгө камданууда. Конференциянын резолюциясы откон жылы облуска 1 миллион 276 мин сом инвестиция тартылып, ондурулгон дун продукциялардын 80 пайыздан ашыгы ишкерликтен алынганын белгиледи.Ишкерлердин облустагы торагасы Келдибек Туманов проблемалардын коптугун аларды чечууну бийликке жуктоп салган ишкерлердин кайдигерлиги менен байланыштырды. (YA)

XS
SM
MD
LG