Россия империясы менен Кокон хадыгынын Кыргызстан аймагын ээлеп алуу үчүн жүргүзгөн күрөшү 19-кылымдын экинчи жарымында курчуган. Орус аскер жетекчилиги 1859-жылы улуу жуз казактар менен кыргыздардын чегине Кастек чебин курууга жетишкен. Кокон хандыгы өз кезинде Пишпек менен Токмок чебин курууга үлгүрдү. Россия империясы Сибирь менен Сырдарыя тилкесин бириктирген стратегиялык алкак түзүү максатында, кокондуктардын аталган чептерин басып алууну көздөгөн. Бу максатта Батыш Сибирь генерал-губернатору 1859-жылдын 24-январында Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган. Атайын чакырылган жыйында генерал-губернатордун демилгеси жактырылып, бирок аны жүзөгө ашырылышы дагы бир жылга калтырылган.
Кокон хандыгынын 19-кылымдын экинчи жарымында Россия империясына таянып, калкты ченемсиз эзүүсү Исах Асан уулу Пулат баштаган көтөрүлүшкө кириптер кылды. Кокон ханы Насреддиндин өтүнүчү менен падышалык бийлик ханга жардамга башында генерал Кауфман турган 1400 жазалоочу аскер берген.
Анжыян үчүн 1876-жылдын 8-январындагы салгылашта оор жеңилүүгө учураган козголоң жетекчилери, белгилүү бир убакытка чейин көтөрүлүш башында турушту. Кийин алар бир-бирден орус аскерлерине багынган. Абдурахман Афтобачи орус аскер өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүргүзүп, 1876-жылдын 24-январында Гинду кышлакта 26 жигити менен генерал Скобелевге колго түшкөн.
Кыргыз айыл чарба институтунда окуган Чынгыз Айтматов аттуу студент, 1952-жылдын 24-январында кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдү туура жазуу проблемасын көтөрдү. Анын «О терминологии кыргызского языка» аттуу макаласы «Советская Киргизия» гезитинде жарык көрүп, автор кыргыз тилине жумшак жана ичкертүү белгилерин киргизүү керектигин белгилеген.
«Кыргызстан-Сорос» фонду менен Борбордук Азиядагы Америка университети биргелешип өткөргөн эларалык семинар 2003-жылдын бу күнү Чолпоната шаарында ишин баштады. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн чакырылган илим адамдары, «Постсоветтик аймактагы президенттик-парламенттик түзүлүштүн конституциялык мамилелеси» боюнча пикир алмашып, талкуу өткөрүүгө киришти.
2003-жылы кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Узакка созулган ооруу айынан белгилүү адабият таанычу, жазуучу, акын Камбараалы Бобуловдун жүрөгү 24-январда согуудан калды. Камбаралы Бобулов убагында «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы, «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, автордук укук комитетинин башчысы, «Эне тил» коомунун президенти болуп иштеген.
Бишкек шаарынын Биринчи Май соту 2006-жылдын 24-январында криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевди болгон күнөөсүнөн толук актаган чечим чыгарды.
Президенттин жардыгы менен Жалалабад областынын мамлекеттик администрация жетекчилигинен алынган Жусупжан Жээнбеков тарапкерлери тарабынан башына калпак кийгизилип, 2006-жылдын 24-январында үчүнчү жолу губернатордук креслого отургузулду.
Карасуу районундагы Шарк айлынынын 500 чамалуу тургуну 2006-жылдын 24-январында стихиялуу митинг өткөрүшүп, мамлекет башчысынын жардыгы менен кызматынан алынган Ош областынын губернатору Анвар Артыковду кайра кызматына коюлушун талап кылышты.
Бу күнү, 1732-жылы француз драматургу «Фигаронун үйлөнүшү» сыяктуу чыгармаларды жараткан Пьер Огюстен Карон де Бомарше, 1848-жылы орус сүрөтчүсү Василий Суриков, 1872-жылы англис физиги, неон, аргон, криптонду ачкан Моррис Трэверс, 1873-жылы орус окумуштуусу, орус тилинин 4 томдук түшүндүрмө сөздүгүн түзгөн Дмитрий Ушаков, 1888-жылы немец авиаконструктору Эрнст Хейнкель жарык дүйнөгө келген.