Балыкчы шаары калк жайгашкан аймак катары отурукташа баштаганда алгачкы көчө ушул темир жолго жакын Кызылсаздан башталганын белгилеген улуу кишилер бул жердеги үйлөрдү тарыхый булак катары эсептеп, жашоочулардын башка жака көчүрүлүшүнө каршы болуп келишкен. Бирок 30-40-жылдары курулган бул үйлөрдө электр зымдары эскирип, карагайлар жыгылгандыктан улам эл мал-жандыктарынан кол жууп атканын аймактын башчысы Дайыр Султанбеков мындай сыпаттады:
- Бул жерде 70 пайызы жараксыз. Бул жерде уй, бодо мал өлгөн күндөр болгон. Шамалдан түн ичинде карагайдан зым үзүлүп Сартпаев Ырыскелди деген кишинин ую өлгөн. Ал эми киши каза болсо эмне болот.
Дайыр Султанбековдун айтымында, 12 үй-бүлө чириген зым карагайдын түбүндө сарсанаа менен таң атырып атышат.
Бул көйгөй боюнча шаардык Кеңештин депутаты Кайыргүл Бакытаевага ырасмий билдиргенин аймак башчысы минтип тастыктады:
- Бул жерде электрдин кубаттуулугу 220 вольт. Бул карагай жыгылса 12 түтүн кишинин жашоосу эмне болот. Бул тууралуу шаардык депутат Бакытаева Кайыргүлгө 3-4 жолу арыз менен кайрылгам. Бул жердеги бир үйдүн артына ушундай карагай турат, эртең-бүгүн басып калганы турат. Ал жака монтерлорду жиберебиз деди эле, андан бери эч нерсе жок.
Кызылсаз аймагына тиешелүү депутатты издештирсек, ал Балыкчы шаарынын электр тармактар ишканасынын директору болуп чыкты. Депутат жетекчи зым карагайлардын көйгөйү боюнча мындай жооп узатты:
- 30-40-жылдары Балыкчы уюштурулганда опора линиялар курулган. Алар өздөрү саздактан тышкары эскилиги жетип бүтүп, түбүнөн чирип кеткен. Которгонго биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Өзүңүз көрүп атпайсызбы, ал үйлөр бузулуп атат. Алар көчө турган болгондон кийин реконструкцияга чоң акча коюш керек. Ага бизде акча болбойт. Жыгылып калчулардын барын ордуна келтиргенбиз. Жыгылып калышы мүмкүн эмес, - деди Кайыргүл Бакытаева.
Бул жерде ошондой эле таза суу дагы 60-70-жылдан бери чечилбей калатыптыр. Кызылсаз-6 деген биринчи эле үйгө баш бакканыбызда короосунан суу чыгара албай аткандарга күбө болдук:
- Көчөлөрдө суу түтүктөр жок, ушундай эле чыгарабыз. Жаан жааган күндөрү таптакыр эле ботко сыяктуу чыгып калат. Жакында кылдар жана капкара суу чыкты. Эмне себептен билбейм, - Тахмина аттуу келин бак дарактарды да ушинтип кол менен жер алдынан сордуруп чыгып сугараарын билдирди.
Ичүүчү суунун санитардык абалын тиешелүү жерге жашоочулар өздөрү алып барып текшертип келишкен.
- Санэпидстанциядан келишкен, сууну алып барып да өткөргөм. Сууну ичкенге болбойт экен дешкен. Таза суу чыгарабыз деп 3-4 жыл мурда удаба берген, бирок чыгарбай калган. Азыр кайнатып коюп эле ичип атабыз. Себеби өз көзүбүз менен көрүп атабыз, курттун түрү чыгат, - деген дооматтарын айтышты жергиликтүү тургундар.
Балыкчы шаарындагы таза суу маселесин президент Курманбек Бакиев Ысыккөлгө келгенде башкы врач да далилдеп айтты эле. Эми жергиликтүү бийлик кандай аракет көрдү деген суроо менен кайрылганыбызда, шаар башчысы буларга токтолду:
- Азыркы күндө Берекет насостук станциясынан алып, ошол эле кезде биз Ысыккөл районуна да керектүү суусун беребиз. Андан сырткары өзүбүзгө дагы бир насос койсок бүгүнкү күнгө чейин Балыкчы шаары суу түтүгүндөгү сууну ичкенге, сугатка пайдаланган. Ал эми бүгүнкү күндөн баштап ал суу жалаң гана ичкенге кетет. Демек, 100 пайыз суу маселеси чечилди. Экинчиден, сугатка кеткен 47 пайыз суу маселесин бүгүнкү күндө Берекет станциясы менен чечебиз.
Балыкчы шаарынын башчысы Талант Бекжанов көп жылдан бери Калмак ашуудан суу алып келүү пландалып, бирок ага керектелчү 30 млн. сом табылбай келгендиктен насостук станция куруу чечилгенин маалымдады. Анын айтуусунда электр энергиясы менен суу тартып аткан насостук станциялардан 9 млн. сом үнөмдөлүп, ал каражат суу тармагынын көйгөйлөрүн чечүүгө жеңилдик берет экен.