Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

НАТО: ТАЛИПТЕРДИН КОРКУНУЧУ АЗАЙДЫ


Ооганстанда НАТО колбашчылык кылган коалициялык күчтөр Кандагар жана Кабул чөлкөмдөрүнө эл аралык кошумча контингенттерди жайгаштырды. Былтыр сентябрда жана декабрда аталган райондордо ири масштабда эки операция өткөрүлүп, талиптердин миңден ашуун лашкерлери жок кылынды. Коалициялык контингенттин өкүлдөрү талиптер эми өлкөнүн түштүк жана борбордук аймактарында ири күчтөр менен аракеттене алары арсар деп эсептешет.

Коалициянын түштүк аймактагы командачылыгынын өкүлү Дэйв Марштын айтымында, былтыр сентябрда, андан соң декабрда өткөрүлгөн эки операция талиптерди абдан алсыратты. Алар эми ири масштабдагы аскери аракеттерге жарабай калды.

Адатта талиптер жаз келгенде активдүү аракеттерге өтүшөт. Бирок коалиция үчүн жазгы өнөктүк кышта башталды. Мунун өзү талиптерге күчүн жыйнап,жазгы чабуулдарга камынганга мүмкүндүк бербейт,дейт Марш. Декабрдагы операция маалында,Марштын маалыматтарына ылайык, талиптер Кандагарга жуук райондордо беш жүздөн бир миңге чейин лашкерлерин жоготту. Кабулдун чеке-бакасы да алардын очокторунан тазаланды.

НАТОлук өкүлдөр Кандагарга жакын айыл-кыштактарда калктын талиптерге мамилеси да өзгөргөнүн, аларды өздөрүнө көп жуутпай калганын айтышат. Коалициянын Кабулдагы штабынан полковник Жо Вонкен коога-козголоң чыкканда үй-жайын,там-ташын таштап качкындар өз жерине кайтып жатышканын белгиледи. Эң соңку жаңылык катары ал ушу тапта дээрлик беш миң үй-бүлө айылдарга кайтып келгенин кабарлады. Ар бир ооган үй-бүлөсү кеминде беш адамдан турарын эске алганда,мунун өзү 90 миңдей качкындын 25 миңи кыштактарга кайра көчүп келди дегенди билдирет.

Бүгүнтөн тартып коалициянын штабында бириккен маалыматтар борбору иштей баштады. Бул жерде чалгындоо булактарынан,калк арасынан алынган кат-кабарлар жалпыланат, алардын баары талиптердин кыймылын, жашыруун жапсар жайларын, командалык пункттарын аныктаганга жардамдашат.

XS
SM
MD
LG