Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

БИР БАЙ КАНЧА МАМЧИНОВНИК САТЫП АЛАЛАТ?


«Слово Кыргызстана» гезити, мурдагы өлкө башчысы А.Акаев, өлкөнү коорупциянын желеси менен ушунчалык чырмап салып, бүгүн андан тирүү жан чыгалбай жаткандыгын жазды. Бул өлкөдө жеке ишкерлик кылган бечаралар эчкачан колдоо да, коргоо да табалышпайт. Мыйзамды айланбай туруп ишти ойдогудай чечүү эч убакта мүмкүн эмес. Калктын 60 пайыздан ашууну күч органдарына, айрыкча сотторго ишенбейт. Эгемендикке ээ болгондон бери бир дагы жегич чиновник коомчулуктун алдында адилет жазага тартылган эмес, анын ордуна өлкөнү талап-тоноп алганы аз келгенсип, мурдагыдан да даражалуу кызматка жылмайган бойдон которулуп кете беришет. Баса, бай ишкерлер баарын сатып алалышат. Алар сатып алган күнүмдүк көр-жерлердин арасында ар кайсыл деңгээлдеги мамлекеттик чиновниктер да бар…

«Дело №» гезити, Ф.Куловдун «кулашынын» төрт себеби болгонун төмөнкүдөй түшүндүрдү. 1-себеби, Ф.Кулов башында турган өкмөт отставкага кетүү менен парламенттин тарап кетишине коркунуч туудурган. Депутаттар буга катуу нааразы
болушкан. 2-себеби, Ф.Кулов өз алдынча иш жүргүзгөнгө кудурети жеткен эмес, экономика менен алектенүүнүн ордуна башы саясаттан чыкпай койгон. 3-себеби, ХИПИКти колдогон, энерготармакты менчиктештирүүгө жана электрэнергиясынын баасын көтөргөнгө ар дайым макул болуп келген.. 4-себеби, анын талапкерлигин сүрөөнгө алуу үчүн парламентке президент өзү келбеген. Анткени, парламентти оң-тетири бурай турган кол Акүйдө олтурат. Бакиев өлкөдө ким кожоюн экендигин көзгө сайып, Куловдун орду каерде экенин көрсөттү. Эгер чындап эле Куловду өкмөт башчылыгына каалап турса Бакиев эртең парламентке өзү келет, өзү келген соң Кулов депутаттардын элегинен оңой эле өтүп кетет.

«Белый пароход» гезити, «Жетелеп бараткандар жөнүндө жеке ойлор» аттуу макаласында мамлекеттик ишмерлерге мүнөздөмө берип, президент К.Бакиев тууралуу, ал партиялык-номенклатуралык системада тарбияланганын, көп жагынан иш аракети Акаевге окшоштугун, урук-туугандык дегенге бекем чырмалганын, чындап келсе жалгыздыгын, таянары, ишенери жоктугун, жадагалса басмасөз катчылыгын өзү тандай албай, адегенде Мадумаровдун кишисин коюп, кийин анын ордуна Сыдыковдун кишисин апкелгенин… Эчнерсе жасай албастыгын… Жасаган «грехтеринин» көлөкөсү өтө эле узун экендигин… Ф.Кулов тууралуу, проблемасыз жашай албастыгын, башкасы болбосо да нерви темир экендигин, Бакиевден бир айырмачылыгы-буга чейинки Кудай алдындагы күнөөлөрүн түрмөгө таштап келгендигин, депутаттар тууралуу, акаевшинанын ороо-чулгосунда жатып көз жарганын, анын үстүнө бүгүн Кыргызстанда таза жана абийирдүү адам эч качан депутат боло албастыгын, министрлер тууралуу, накта «чөптөн жапыз, жерден бийик жашап», «өгүзүм өлбөсүн, арбам сынбасын» принципти туу туткандар ушулар болорун, убагында баары Акаевдин таттуусун татып, ага тийген желди тосуп жүргөндөр экендигин, алардын ичинде К.Бакиевдин өзү да барын жазды.
XS
SM
MD
LG