Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

16:45 Жалалабат облусунда сейрек кездешүүчү токой дарактарын уурдоо токтобой жатат


Жалалабат шаарында базарга түшүрүлүп жаткан жеринен 14 чарчы метр ак карагай кармалды. Белгисиз кишилер экинчи машинага жүктөлгөн дарактарды ала качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Аксы районунан башка жакта өспөгөн карагайларды жергиликтүү тургундар уурдаган. Аларды облустук айлана чөйрөнү коргоо башкармасынын кызматкерлери колго түшүрүштү. Бул тууралу у 24-январда Башкарманын төрагасы Гамаль Сооронкулов билдирди. Анын айтымында соңку бир жарым жылда облустагы Аксы, Базаркоргон, Сузак райондорундагы токой чарбалардан 1600 даана жаңгак уюлу мыйзамсыз кыйылган. Алардын салмагы 2 миң тоннадан ашык. Ички иштер башкармасынын маалыматы боюнча жаңгак уюлдарын уурдагандарга каршы 68 кылмыш иши козголгон. 27 кылмыш иши сотко жиберилген, бирок айыптуулардын бири да жаза алган эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG