Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

HIPCке КАРШЫ КЫЙМЫЛДАР ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫГЫШАТ


Бүгүн HIPC программасына каршы кыймылдардын өкүлдөрү өкмөт аталган программага кирүүдөн баш тартпаса, өлкө аймагында ар кандай нааразылык иш чаралар өткөрүлөрүн билдиришти. Ошондой эле кыргыз бийлиги HIPC программасы боюнча коомчулукка бир жактуу маалымат берип, анын терс жактарын жашырып-жаап жатышканы баса белгиленди. Экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров болсо Кыргызстандын HIPC программасына кирээр-кирбеси март айында чечилерин ушул эле күнү маалымат жыйынында билдирди.

«АнтиХИПИК», «Кыргызстан патриоттору», «Эл биримдиги», «Кайра жаралуу», жаштардын «Жебе» кыймылдары ХИПИК программасына каршы көз караштарын билдиришти. Алардын көз карашында, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта кору жогорудагы программа аркылуу Кыргызстандын таза суу, жаратылышына, энергетика тармагына ээлик кылуу максатын көздөйт. Ошондой эле бул жерде геосаясий кызыкчылык жогору коюлуп, АКШнын Борбор Азияга үстөмдүк кылууга кызыкдар болуп жатат, деген пикирлер айтылды. "Кыргызстан патриоттору" кыймылынын мүчөсү Акыл Акуновдун көз карашында, Кыргызстандын ХИПИК программасына кирүүсүнө негиз жок. Ал программасыз эле мамлекет тышкы карыздарынан кутулууга болот:

-Эгерде бийлик өзү ХИПИКтин уюштуруучуларына сатылып кетсе, анда ал башка кеп. Алар сатылып кетсе өкмөттүн башына дагы, өкмөттүн мүчөсү болуп киргенге акылары жок.

Ал эми Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров болсо бул маселеге Эл аралык валюта корунун директорлор кеңеши 21-мартта бүтүм чыгараарын, эгерде Кыргызстан ХИПИКке кирсе 700 млн. доллардан 1 млрд. долларга чейин тышкы карызы кечилерин белгиледи. Анын айтымында, бул программа мамлекеттин келечегине эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

-Эгемендүүлүгүбүздү жокко чыгара турган, тышкы башкаруу кирет экен, деген сөздөр бар боло турган болсо, биз шарттарыбызды бербедикпи. Ошол шарттын тегерегинде карап көрүңүздөр, мамлекеттин келечегине коркунуч туудура турган шарттар жок.

«Аялдар кыймылынын» мүчөсү Чынара Сейдахматова: «эл аралык жыйында ХИПИКке мүчө болуп кирген Африкадагы Мали мамлекетинин бейөкмөт уюмдары менен жолугушканда, алар Мали өкмөтүнүн беш чиновниги 1 млрд. долларды бөлүшүп алып, өлкөнү эки эсе карызга батырганын айтышты»,-дейт. Ал ошондой эле ХИПИК аркылуу экономикалык оор кырдаалдан чыгып кетебиз деген коррупциялашкан азыркы кыргыз бийлигине ишенбей тургандыгын, алардын аракетине каршы нааразылык акцияларды уюштурушарын айтты.

-27-январда Бишкектин түштүк дарбазасынан баштап, Байтик баатыр көчөсү аркылуу Борбордук Алатоо аянтына чейин жөө жүрүшкө чыгабыз.

Чынара Сейдакматова белгилегендей, бул иш чарага он бештен ашуун саясий партиялар кошулушу күтүлүүдө. Жөө жүрүштү Чүй облусунун чыгыш-батыш аймактарында да өткөрүү болжолдонууда.

Жаштардын «Жебе» кыймылы эксперттердин күчү менен тышкы карыздардан чыгуунун альтернативдик программасы иштелип жатканын белгиледи. Алар ХИПИК программасына кирүү демилгесин колдоп жаткан Феликс Куловду сотко беришерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG