Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

БУШТУН КАЙРЫЛУУ СӨЗҮ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫНДЫ?


Ошентип, америкалык президент бүткүл элдик кайрылуу жасап, Кошмо Штаттарынын алдында турган негизги проблемаларга, анын ичинде Ирак согушуна жана экология проблемаларына кайрылды. Жорж Буштун сөзүнө комментарийлер жарыялана баштады.

Буштун сөзүнө көп реакция боло элек, бирок АКШнын Ирак боюнча союздашы - Жапониянын комментарийи бир топ курч болду. Бул өлкөнүн коргонуу министри Фюмио Кюма Токиодо өткөн пресс-конференцияда Кошмо Штаттарынын Иракка басып кирүү чечими "ката" болгон деди.

Жапония АКШ баштаган Иракка интервенцияны башынан колдогон. Өлкө Вашингтонду ачык сындаган учурлар жокко эсе, ошондуктан Кюманын билдирүүсү Буштун администрациясына катуу тийери шексиз.

Жапон министри ошондой эле өлкөнүн Ирактагы миссиясы июль айында аяктагандан кийин, ал узартылаары белгисиз экендигин кошумчалады.

Жапония былтыр Ирактын түштүгүнөн тылда иштеген 600 аскерин толук чыгарып кеткен эле, бирок АКШ баштаган коалиция күчтөрүнө учак менен керек-жарак жеткирүүнү улантып келатат.

Иракка байланыштуу Буш атап өткөн АКШнын башка союздаштарынан дээрлик реакция боло элек.

Америка эли терроризмге каршы күрөштөн жыйынтык болоорунан күмөн санабасын. Бизде экcтремизмге каршы күрөштө дүйнөнү баш коштурууну караган дипломатиялык стратегия бар. Иракта эл аралык күчтөр Бириккен Улуттардын мандаты менен аракеттенип жатат. Биз Иордан, Саударавия, Египет жана Перси булуңундагы өлкөлөр менен Ирактын өкмөтүнө болгон колдоону күч алдыруунун үстүнөн иштеп жатабыз,-деген болчу Жорж Буш.

Буштун сөзүнө берилген оң баалардын арасынан Буштун АКШда күйүүчү майды керектөөнү 10 жылда 20 пайызга кыскартуу сунушуна колдоону атоого болот. Бириккен Улуттардын климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциянын аткаруучу катчысы Иво де Бөр Буштун бул демилгесине жогору баа берип, Кошмо Штаттарынын активдүү катышуусусуз климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелерди чечүүгө болбой тургандыгын эскертти.

Кошмо Штаттары Жер абасынын ысышына алып келген булганч газдардын 25 пайызын өндүрөт, бирок бул эмиссияны азайтууну караган Киото Протоколуна кошулган эмес.

Өз сөзүндө Буш ошондой эле Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга болгон кызыгуусун мындайча билдирди:

Төртилтиктин калган мүчөлөрү - Бириккен Улуттар уюму, Евросоюз жана Орусия менен бирдикте Ыйык жерде тынчтык орнотуунун дипломатиясын колдонууга алып, Израиль менен коңшу, тынчтыкта жана коопсуздукта жашай турган демократиялык Палестин мамлекетин негиздөөнү максат кылып жатабыз.

Буштун бул сөздөрүнө Жакынкы Чыгыштан айтаарлык реакция боло элек.


Жаныл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG