Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

КЫРГЫЗСТАН ЭНЕРГЕТИКАСЫ: ЖАЙЫНДА – АШЫКЧА, КЫШЫНДА -ТАҢСЫК


Кыргызстан жылына 14 миллиард киловат сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрөт. Анткен менен тармактын квазифискал таңкыстыгы 8 миллиард сомдон түшпөй келатат. Кыргызстанда кышкысын электр энергиясын өчүрүп коюу, уурдоо-тоноолор токтоло элек.

Кыргызстандын бирдиктүү энергетика системасы 2001-жылы иштеп чыгаруу, ташып жеткирүү, бөлүштүрүү компанияларына ажыратылган. Ошондон бери тармактагы кризис тереңдегенден тереңдеп, ушу тапта маселе бөлүштүрүү компанияларын жеке колго сатууга барып такалууда.

Жеке колго өтөр замат электр акысы, тарифтер да көтөрүлмөкчү. Өзбекстандан келчү газдын баасы өскөндөн кийинки мындай «жаңылыкты» калк кандай кабылдары да белгилүү.

Азыркы таптагы энергетиканын абалын парламент депутаты Райымбек Мамыров момундайча сыпаттайт.

- Эгер бир жерде электр линиясы үзүлүп же жетпей калса ким күнөөлүү экенин таба албайсыз. Бирөө өндүргөнүн, экинчиси ташып жеткиргенин, үчүнчүсү бөлүштүргөнүн айтат.

Антип тармактын кризиси тереңдегенден бери өкмөт менен президенттин жалгыз үмүтү бөлүштүрүү компанияларын жеке колго сатуу, менчиктештирүүгө байланып, коррупция жоктугу улам-улам кайталанууда.

- Биз «Электр станциялары» менен «Улуттук электр тармактарын» саталы дегенибиз жок. Калганынын эсебин кантип алыш керек?.. Ал эми коррупция жөнүндө болсо, бул жерде өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор отурушат. Колду көкүрөккө коюп баарыңар премьерге да, президентке да эч нерсе бергенибиз жок деп айткылачы,- деп билдирди президент Курманбек Бакиев.

Энергетика тармагында кыйла жылдар иштеген парламент депутаты Райымбек Мамыровдун айтуусунда, абалды жакшы деш кыйын.

- Өткөн жылкы жоготуулар 40 –41% тегерегинде болду. Бул өкмөттүн расмий билдирүүсү боюнча мурдагы жылдарга салыштырмалуу жоготуулар аз деген кербезибиз. Ортодо тариф көбөйдү. Жер-жерлерде болгонумда кошуп жазуулар дагыле көбөйүп атканын билдим. Сатылбаган энергия сатылды деп, ошонун эсебинен көп сандар кетип калып жатат. Ошондон мен жоготуулар көп деп ойлойм. Дагы бир сөз. Бүгүнкү күндө бөлүштүрүү компанияларынын саны менен электр станциялары,электр тармактарынын маалыматын салыштыра келгенде ортодо эки эсе айрыма чыгат. Бөлүштүрүү компаниялары саткан акчасын чогулта келсе да, станция менен тармактардын алдындагы карызын толук төлөй албайт. Каржылык жагынан бул компаниялар банкрот болуп калышты. Карыздардын дагы көпчүлүгү өндүрүлөрүнө мен ишенбейм.

Аны жакшыртыш үчүн бир гана нерсе – мамлекет кызыкчылыгын баарынан жогору коюу керек, дейт Мамыров.

- Өзүбүздүн эле кишилер оңдойт. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоо керек. Президенттен баштап өкмөт, депутаттарга чейин энергетиканы оңдоп жатабыз дейбиз. Бирок тармакка жооп бере турган түзүм болбой жатат. Аны жасаш керек.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов ушу тапта аткаруу бийлиги аркалап жаткан иштердин кайрымжысы эки-үч жылдын ичинде билинип, ал аралыкта жаңы электр, жылуулук станциялары курулуп ишке киришип калат деген ойдо.

- Менин оюмча, бул убакка биз станциялардын алдын бүткөрүп ишке киргизип калышыбыз ыктымал. Кеп бул жерде Каракеченин көмүрүн жагып электр тогун алуучу станция, «Камбарата» ГЭСтеринин курулушу жайында баратат. Эки ГЭСтин курулушу болжол менен сегиз жылга барат, бирок да курулуштун алгачкысы аягына чыгып калат болуш керек. Ошондой эле бизде Сарыжаз дарыясында ГЭСтерди куруу боюнча кызыктуу сунуштар бар. Кичи ГЭС долбоорлору бар. Иши кылып, буга чейин пайдаланылбай келген ресурстарды ишке киргизүү милдети турат,- дейт Феликс Кулов.

Өткөн жылы орусиялык РАО ЕЭС компаниясы кыйла жылдардан бери курулушу жүрбөй турган «Камбарата 1 – 2» ГЭСтерин аягына чыгууга канча каражат сарпталарын тактап, бул иштин техника-экономикалык негиздемесин түзүп чыгууга ниеттенип жатканын кыргыз-орусиялык өкмөттөр ортосундагы комиссиянын теңтөрагасы, Орусиянын атом энергиясы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Сергей Кириенко маалымдаган.

- «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтери, бул жерде көмүр кендин жанында Каракече жылуулук станциясын куруу мүмкүндүгү ири өлчөмдөгү долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын, жанындагы коңшуларынын энергетика керектөөсүн канааттандырып, экономикалык өнүгүшүнө шарт түзөт. Энергияны сыртка сатуу коммерциялык жагынан пайда түшүрө турган долбоор. Азыркы милдет ыкчам аракеттенүү. РАО ЕЭС убадасына туруп долбоордун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга керектүү каражатты бөлүп берди.

Кыргызстан энергетикасына ири инвестиция алып келүүгө коңшу Кытай өлкөсү да кызыкдар экенин «Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков да ырастайт.

- Кытай ишкерлери «Камбарата 1 – 2» ГЭСтерин куруу, анан да «Каракече» көмүр кенинин жанында жылуулук электр станциясын курушка кызыкдар экенин билдиришти.

Адистердин айтуусунда, өлкөнүн экономикалык ыкчам өнүгүшү үчүн реалдуу керектөөсүнөн 10 –15% ашыкча энергия запасы болушу абзел. Ошондон Токтогул ГЭСинин катарына кошулчу Камбаратадагы эки курулуштун экономикалык барк-баасы көтөрүлүп турат. Маселенин бир учугу ушу тапта парламентке такалып, Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жаңы өкмөт куралганга чейин токтотулган. Райымбек Мамыров маселе жалгыз эле мыйзамга байланыштуу эмес дейт.

- Баары эле жалгыз мыйзамга байланыштуу эмес. Бизде республикада туруктуулук жок. Мыйзамга өзгөртүү киргизе коюп, аны тез-тез жаңылап туруудан инвесторлор чочулашат. Ал эми «Камбарата» ГЭСтерин курууну аягына чыгаруу жөнүндө жылда эле кеп болуп келатат. Н.Танаев эле канча айткан.

Азайгандын үстүнө көбөйүп бараткан техникалык-коммерциялык жоготуулар тармактагы коррупциянын тамыры абыдан эле тереңге кеткенин көрсөтчү белги. Жалаң эле капчыктуулар эмес, карапайым калктын кыйласы электр тогун уурдоону адатка айлантып алышты, дейт «Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчиси Балкыбеков.


- Баары уурдашат. Элдин бардык катмары уурдагандан уялбайт. Жалаң эле байлар уурдайт деш да туура эмес. Байы-кедейи – баары уурдайт,- дейт Балкыбеков.

Бирок да кедейлер отурган үйүн жылытыш, тамак-аш даярдаш үчүн ток уурдаса, байлар көңүл ачуу, шапар тепчү жайларына деп кымтып алат. Мамлекет ээлигиндеги компаниялардын коммерциялык жоготууларынын көбөйүп баратышынын бир себеби ушул. Аларды жеке колго сатуу артынан тарифтердин көтөрүлүшүн, электр акысынын асманга чыгышынан башканы алып келбесин адистер эмитен эле айтууда.

Азырынча жаңылык катары сезилген электр энергиясын бөлүштүрүүнү жеке колго берүүнүн алгачкы тажрыйбасы ушу тапта Чүй, Ысысккөл, Ошто сыноо катары жүргүзүлүүдө. Кошумчалай кетүүчү жагдай, ушундай эле ыкмага Бишкектин Ортосай айылынын жанындагы «Дипломатиялык шаарча» тургундары өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG