Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

ГЕРМАНИЯ: КОЛГО БИЙЛИК ТИЙГЕНДЕ...


Быйыл Европанын экономикалык жактан эң күчтүү өлкөсү Германия эл аралык уюмдарда жоопкерчиликтүү жетекчилик милдетин аткарууда. Биринчи жарым жылдыкта ал Еврошаркетке төрагалык кылат, ал эми жыл бою Чоң Сегиздик уюмун жетектейт. Ошон үчүн байкоочулар быйылкы жыл Германиянын өкмөт башчысы Ангела Меркель айым үчүн ары кыйын, ары жопкерчиликтүү жыл боло турганын айтып жатышат.

Январдын алгачкы күндөрүндө Еврошаркеттин төрагалыгын өткөрүп алган Меркель айым анын өлкөсүнүн максаты Еврошаркеттин асыл-нарктарын сактап калуу жана Еврошаркеттин конституциясын ратификациялоо процессин жандантуу экенин билдирди.

"Өз ойун, ал башкаларга жагабы, жокпу, эркин билдире алуу, ишеним, ишкердүүлүк жана чыгармачылык эркиндиги. Булардын баары Европага абадай керек,- деп айтты ал уюмдун мыйзам чыгаруу органы - Европарламенте сүйлөгөн сөзүндө.

Еврошаркеттин Конституциясын ратификациялоо жараяны 2005-жылы Франция менен Нидерланддар референдум өткөрүп, натыйжада аталган өлкөлөрдүн калкы аны кабыл алуудан баш тарткан соң, токтоп калган. Бул процессти жандантууну көздөп жаткан Ангела Меркель уюмга Болгария жана Румыниянын кириши менен орток баш мыйзамды жетекчиликке алып иштөө зарылдыгы кабыргасынан койулганын белгиледи.

"Биз эми Еврошаркеттин Конституциясынын эмнеси жакпай атканын, аны кабыл алуу үчүн эмнелер кедерги болуп жатканын, анын кай жерлерин кайрадан талкуулоо керек экенин аныкташыбыз керек. Кайталайм, 27 мүчө өлкөсү бар Еврошаркет Конституциясыз иштей албайт",- деди Меркель.

Меркел эл аралык дипломатияда дагы бир топ оң кадамдарды жасап, өзүнүн дипломатиялык шык-өнөрүн көрсөтө алды. Евробиримдикте жана Германияда болгон дискуссияларда Россияны сынга алып, анын энергия менен камсыздоочу катары ишенчиликтүү өнөк боло алаарынан күмөн санаган Меркель, өткөн жумада Сочиде президент Владимир Путин менен кездешкенде сын авазын кыйла жумшартып, Россия менен Еврошаркет энергия маселесине келгенде бири-биринен бирдей көз каранды экенин баса көрсөттү. "Биз бири-бирибизге керекпиз, стратегиялык жактан бири-бирибизден көз карандыбыз", деди ал.

Меркель ошондой эле Америка менен Германиянын Герхард Шпөдер канцлер болуп турган кезде Ирак согушунан улам салкындап кеткен мамилелерин оңоого карай ийгиликтүү кадамдарды жасады. АКШнын демилгеси боюнча Коопсуздук кеңеши тарабынан Иранга киргизилген санкцияларды колдоп чыккан Меркель, ошол эле маалда Вашингтонду Палестин-Израиль жаңжалын жөнгө салууга активдүү кийлигишүүгө үндөөдө.

Байкоочулар Меркель кызмат мөөнөтү соңуна чыгып бараткан француз президент Жак Ширак менен Британ премьери Тони Блэрдин ордун эле толтуруп тим болбостон, Европалык дипломатияга өз мөөрүн баса алганын айтып жатышат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG